Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги борбордук аппараттын мамлекеттик жарандык кызматынын башкы административдик кызмат орунуна ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын Башкы тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
2.«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы.
3.Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.
4.«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
5.«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
6.«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
7.«Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
8.«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
9.«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-ылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын БАШКЫ тобу үчүн кесиптик билим деңгээли:
Финансы-экономикалык пландоо чөйрөсүндө
1)Кесиптик билим деӊгээли:
— экономика жана финансы багытындагы жогорку билим;
— ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификаттын болушу (артыкчылык берилет).
2)Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенциялары:
Билүү:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси;
— «Бухгалтердик эсеп жөнүндө»; «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»; «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө»; «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө»; «Акционердик коомдор жөнүндө»; «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө»; «Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө»; «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө»; «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы № 2-П буйругу менен бекитилген мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту киргизүү боюнча жобо;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июнундагы № 29 токтому менен бекитилген Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Санариптик инфратүзүмдү, инновациялык өнүгүүнү, маалыматтык технологияларды жана байланышты өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 токтому менен бекитилген «Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» жобо;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 «Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө» токтому;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-ноябрындагы № 7-П буйругу менен бекитилген даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускамалар, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун жол-жобосу боюнча типтүү формалар;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилди, ошондой эле чет тилдерди билүү;
— компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк.
Билгичтиктер:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— бюджетти пландаштыруу, болжолдоо жана экономикалык эсептөөлөрдү түзүү;
— түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө карата мамилелерди талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
— кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— коюлган милдеттерди чечүү үчүн новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу.
Көндүмдөр:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдөрдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнүн кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:
— жеке арызы, кадрдык эсепке алуу боюнча баракча, сүрөт (3*4 форматында 1 шт), резюме (соттолгондугу бар же жок экендиги тууралуу белгилөө менен);
— паспорттун көчүрмөсү (ким экендигин ырастоочу паспорттун же документтин түп нускасы конкурска документтерин берүү учурунда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
— зарыл кесиптик билимдерин, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариалдык же иштеген жеринде персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн билими, квалификацияны жогорулатуу боюнча документтердин көчүрмөсү, илимий даражасы жана илимий наамы тууралуу документтердин көчүрмөсү);
— сунуштама кат (артыкчылык берилет);
— кеӊири маалымат Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин веб-сайтына жайгаштырылган www.digital.gov.kg.
Көктөмөгө тиркелген документтерди 2024-жылдын 16-сентябрынан 25-сентябрына чейин Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 119 дарегн боюнча № 218 кабинетке тапшыруу зарыл. Телефону: 60-50-04.