Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Каклты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жарандык кызматтын кенже административдик кызмат орундарынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт:

Мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын кенже тобуна карата жалпы мыйзамдын ченемдик укуктук актыларынын тизмеги:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кенже административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
1) Кесиптик билим деңгээли:
— бардык багыттар боюнча “Гуманитардык илим” жаатында; бардык багыттар боюнча “Экономика жана башкаруу”; бардык багыттар боюнча “Физика-математикалык илимдер жана фундаменталдуу информатика”; бардык багыттар боюнча “Табигый илимдер”; бардык багыттар боюнча “Педагогикалык илим”; бардык багыттар боюнча “Транспорттук техника жана технологиялар”; бардык багыттар боюнча “Архитектура жана курулуш”; бардык багыттар боюнча “Социалдык илимдер”: социалдык иш жаатындагы жогорку билим.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3) Кесиптик компетенциялары:
Билүү:
— “Кыргыз Республикасынын жарандыгы”; “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы N 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы — паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 токтому менен бекитилген Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобо;
ыктуулугу:
— жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тийиштүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык ишинде колдонуу;
— кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жооп даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө;
көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык продуктуларды билүү.

Конкурска катышуу үчүн көктөмөгө тиркелген (папка-Дело №) төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арыз (районду, шаарды көрсөтүү менен);
— чапталган фотосүрөтү менен толтурулган кадрларды эсепке алуу баракчасы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгону же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариалдык же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн, негизги жана кошумча билимин (болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
— илимий даража же илимий наам ыйгаруу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү (болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар конкурска катышууга киргизилбейт.

Конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 28-апрелинен тартып 18-майын кошуу менен, саат 18:00гө чейин Бишкек ш., Жибек-Жолу көч., 381 дареги боюнча КР СӨМ КЖААКДнын кадр иштер бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт, 504-иш бөлмөсү, телефон: 30-00-22.