Бишкек шаардык ветеринардык башкармалыгы  кенже жана  улук  мамлекеттик административдик жарандык кызмат орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялйт.

Бардык  административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

Административдик   мамлекеттик   жарандык   кызмат    орундарынын  улук топтору үчүн

  1. Кыргыз   Республикасынын  Конституциясы;
  2. “Жарандардын   кайрылууларын         кароо       тартиби       жөнүндө”      Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы;
  3. “Мамлекеттик жарандык     кызмат   жана     муниципалдык      кызмат     жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамы;
  4. “Кыргыз    Республикаынын   ченемдик    укуктук     актылары     жөнүндө”   Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы;
  5. “ Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы;
  6. Кыргыз   Республикасынын     Өкмөтүнүн     2020-жылдын     3-мартындагы    №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикаснын иш кагаздарын жургүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик мамлекеттик  жарандык  кызмат орундарынын  кенже  топтору үчүн

  1. Кыргыз   Республикасынын   Конституциясы;
  2. “Мамлекеттик жарандык кызмат  жана  муниципалдык кызмат жөнүндө”   Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын     Өкмөтүнүн    2020-жылдын      3-мартындагы    №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикаснын иш кагаздарын жургүзүү боюнча типтүү нускама.
  • Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
  • Компьютер жана  и мобилдик түзүлүштөр менен,компьютерде жана социалдык тармактарда,оргтехника менен иштей билүүсү;
  • Кыргыз Республикасынын   мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын колдоно билүүсү.

Административдик     кызмат    орундарынын  улук топтору  үчүн (ветеринария)

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— ветеринария   багыты  боюнча “айыл чарба” жаатындаы   жогорку кесиптик   билим.

  1. Иш стажысы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик  жана /же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан  жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенциялар:

Билим:

  • “Ветеринария жөнүндө”  Кыргыз   Республикасынын  Мыйзамы;
  • “ Жаныбарлар дүйнөсү  жөнүндө”  Кыргыз   Республикасынын  Мыйзамы;
  • Ишкердиктин субъекттерине   текшерүүлөрдү   жүргүзүүнүн    тартиби   жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамы;
  • “Жаныбарларды жана   жаныбарлардан  алынган   азыктарды  идентификациялоо жөнүндө”   Кыргыз    Республикасынын  Мыйзамы;
  • Кыргыз  Республикасынын       Өкмөтүнүн      2018-жылдын      29-январындагы “ Ишкердиктин субъектерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” № 56 токтому;
  • Кыргыз       Республикасынын       Өкмөтүнүн      2012-жылдын      18-февралындагы “Ишкердик иш –аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын балоо критерийлерин бекитүү жөнүндө” №108 токтому;
  • Кыргыз Республикасынын        Министрлер         Кабинетинин      2024-жылдын 7-мартындагы  “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр  жай    министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен   бекитилген  “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр  жай    министрлигине  караштуу  Ветеринардык  кызматы  жөнүндө”  жобо.

         Жөндөмдүүлүк:

      — ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

      —  коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

     — өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн  ишин  натыйжалуу пландаштыруу;

     —  ведомстволор  аралык  өз ара аракеттенүү.

Көндүмдөр:

     —  ишкердик жазуу көндүмдөрү;

     — белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

     — иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;

     — компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

         Административдик   кызмат    орундарынын  кенже топтору үчүн (ветеринария)

  1. Кесиптик билим деңгээли:

 — ветеринария багыты боюнча “айыл чарба” жаатындагы жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажысы жана тажрыйбасы:

  — иш стажысына талаптар коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенциялар:

Билим:

  • “Ветеринария жөнүндө”  Кыргыз   Республикасынын  Мыйзамы;
  • Ишкердиктин субъекттерине   текшерүүлөрдү   жүргүзүүнүн    тартиби   жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамы;
  • “Жаныбарларды  жана   жаныбарлардан  алынган    азыктарды идентификациялоо жөнүндө”   Кыргыз    Республикасынын  Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын       Өкмөтүнүн      2018-жылдын      29-январындагы “ Ишкердиктин субъектерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” № 56 токтому;
  • Кыргыз Республикасынын        Министрлер         Кабинетинин      2024-жылдын 7-мартындагы  “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр  жай    министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен   бекитилген  “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр  жай    министрлигине  караштуу  Ветеринардык  кызматы  жөнүндө”  жобо.

         Жөндөмдүүлүк:

      — ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

     — өз  ишин  жана  түзүмдүк  бөлүмдүн  ишин  натыйжалуу  пландаштыруу;

Көндүмдөр:

     —  ишкердик жазуу көндүмдөрү;

     — белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

     — иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;

     — компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

         Административдик     кызмат    орундарынын  улук  топтору  үчүн (кадр)

  1. Кесиптик билим деңгэли:

 — эсептөө техникасы жана маалымат технологиялары табигый илимдер, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык илим, экономика жана башкаруу, айыл чарба илимдери, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, техникалык илимдер, техносфералык коопсуздук, жаратылыш жайгашуусу жана гидрометеоролоия боюнча жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажысы жана тажрыйбасы:

  — мамлекеттик жана /же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан  жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенциялар:

Билим:

  • Кыргыз     Республикасынын      Улуттук     архив       фонду     жөнүндө”    Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамы;
  • “ Кыргыз       Республикасынын          мамлекеттик       тили      жөнүндө“    Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы;
  • Кыргыз   Республикасынын     Президентинин     2022-жылдын    2-февралындагы “  Кыргыз   Республикасынын    мамлекеттик   органынын   жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу    органынын    мамлекеттик    жарандык    кызматынын    жана    муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” ПЖ № 24 Жарлыгы;
  • Кыргыз   Республикасынын     Президентинин     2022-жылдын     2-февралындагы “ Иштеген    жылдары   үчүн   пайыздык    үстөк   акыларды     төлөө    үчүн    мамлекеттик кызматтын   жана  муниципалдык  кызматтын  стажын  эсептөө  тартиби  жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”  ПЖ  № 25 Жарлыгы;
  • Кыргыз Республикасынын        Министрлер         Кабинетинин      2022-жылдын  4-июнундагы  “Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин жана муниципалдык кызматкерлеринин өздүк ишин жүргүзүү тартиби жөнүндө”  №316 токтому.

         Жөндөмдүүлүк:

      — конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;

      —  коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

     — өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

     —  ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

        Көндүмдөр:

     —  ишкердик жазуу көндүмдөрү;

     — белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

     — иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;

     — компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

         Административдик     кызмат    орундарынын  улук топтору үчүн (кадр)

  1. Кесиптик билим деңгэли:

 — юриспруденция багыты боюнча “ гуманитардык илимдер” жаатындагы жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажысы жана тажрыйбасы:

  — мамлекеттик жана /же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан  жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенциялар:

Билим:

  • Кыргыз   Республикасынын  Жарандык кодекси;
  • “ Кыргыз   Республикасынын  Административдик –процесстик кодекси;
  • “ Кыргыз   Республикасынын    мамлекеттик  сырларын коргоо  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыргыз   Республикасынын    эл    аралык    келишимдери     жөнүндө “   Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Ветеринария жөнүндө”  Кыргыз   Республикасынын  Мыйзамы;
  • Ишкердиктин субъекттерине   текшерүүлөрдү   жүргүзүүнүн    тартиби   жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын        Министрлер         Кабинетинин      2024-жылдын 7-мартындагы  “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр  жай    министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен   бекитилген  “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр  жай    министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жөнүндө”  жобо.

         Жөндөмдүүлүк:

       ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

      —  таламдардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

      — өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

      —  ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

Көндүмдөр:

     —  ишкердик жазуу көндүмдөрү;

     — белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

     — иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;

     — компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

         Административдик     кызмат    орундарынын  кенже  топтору үчүн (кадр)

  1. Кесиптик билим деңгэли:

 — эсептөө техникасы жана маалымат технологиялары табигый илимдер, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык илим, экономика жана башкаруу, айыл чарба илимдери, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, техникалык илимдер, техносфералык коопсуздук, жаратылыш жайгашуусу жана гидрометеоролоия боюнча жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажысы жана тажрыйбасы:

  — иш стажысына талаптар коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенциялар:

Билим:

  • Кыргыз    Республикасынын       Улуттук     архив     фонду     жөнүндө”     Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы;
  • “ Кыргыз       Республикасынын        мамлекеттик        тили      жөнүндө“     Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы;
  • Кыргыз   Республикасынын   Президентинин     2022-жылдын     2-февралындагы “  Кыргыз   Республикасынын   мамлекеттик  органынын   жана  жергиликтүү  өз алдынча башкаруу   органынын    мамлекеттик    жарандык    кызматынын     жана   муниципалдык кызматынын   кадрлар    резервин   түзүү жана  иштөөсү жөнүндө” ПЖ № 24 Жарлыгы;

         Жөндөмдүүлүк:

      — конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;

      —  коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

     — өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

     —  ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

Көндүмдөр:

     —  ишкердик жазуу көндүмдөрү;

     — белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

     — иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;

     — компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

                 Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • Жеке арызы ;
  • Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүротү менен;
  • резюме  ( электрондук почтасын көрсөтүү менен), өмүр баяны  ( соттолгондугу бар же жок экенин көрсөтүү );
  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү,
  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( эмгек стажы бар болсо);
  • окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү ( бар болсо);
  • паспорттун көчүрмөсү;

Конкурска катышуу үчүн документтер  папкада 17:00 гө чейин ,жарыяланган күндөн тартып 10 календарлык күнгө чейин ( 2024-жылдын 5- июлунан 15 –июлуна чейин)  Кыргыз Републикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын   Бишкек шаардык ветеринардык башкармалыгына төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: 720051, Бишкек ш, Будённый көчөсү 247 2-кабат кабинет 5 , телефон:  46-12 -54. моб. 0559 250965

Конкурска  катышуу  боюнча   чыгымдарды    ( конкурс  өтүүчү    жерге  баруу  жана  келүү , турак  жайды   жалдоо,  жашап туруу, байланыш   каражаттарынын   бардык түрлөрүн пайдалануу) жарандар өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүшөт.

Кабыл алынган талапкерлер конкурска чакырылат.

Белгиленген   талаптарга   жооп   бербеген   документтерди    жана    маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

Толук маалымат веб-сайттарда жайгаштырылган:

-www/gvfi.gov.kg.