Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментинин кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Башкы административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4.“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.“Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.“Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9.“Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар.

Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3.“Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.“Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар.

Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.“Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар.

Билүүсү:

-мыйзамда каралган учурларда кызматкердин ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүү.
-электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү.
-издөө системаларын колдонуу.
-ар кандай браузерлер менен иштөө.
-профессионалдык этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү.
-көчүрмө машиналар.
-принтер.
-проектор же интерактивдүү доска.
-факс.

1)Административдик кызмат орундарынын башкы топторуна квалификациялык талаптар:

1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим: агрономия багыттары боюнча «айыл чарба илимдери», багбанчылык: биология багыттары боюнча «табигый илимдер» тармагында.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
-жалпысынан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же белгилүү бир кызматтын тармактык багытынын тиешелүү кесиптик чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3.Кесиптик компетенциялар:
Билими:
-“Үрөндөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Кыргыз Республикасынын Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга кошулуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик дотация жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын
7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти жөнүндө” жобо.

2)Административдик кызмат орундарынын улук топторуна квалификациялык талаптар:

1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим: агрономия багыттары боюнча “айыл чарба илимдери”, багбанчылык: биология багыттары боюнча «табигый илимдер» тармагында.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же тигил же бул кызматтын тиешелүү тармактык багытынын тиешелүү кесиптик чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3.Кесиптик компетенциялар:
Билими:
-“Үрөндөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Кыргыз Республикасынын Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга кошулуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик дотация жөнүндө” Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын
7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти жөнүндө” жобо.

3)Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар: (укуктук камсыздоо башкы адиси)

1.Кесиптик билим деңгээли:
— жогорку билим: юриспруденция багыты боюнча.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы
1-жылдан кем эмес, же болбосо конкреттүү кызмат ордунун тиешелүү тармактык багыттагы тиешелүү кесиптик чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик компетенциялар:
Билим:
— Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламенти;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын
28-октябрындагы № 233 токтому Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти Жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 токтому “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2017-жылдын 31-майындагы № 313 “Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө”;
— “Үрөн жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын
7-матындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти жөнүндө жобо.

4)Административдик кызмат орундарынын кенже топторуна квалификациялык талаптар: агрономия.

1.Кесиптик билиминин деңгээли:
— жогорку билим: агрономия багыттары боюнча «айыл чарба илимдери», багбанчылык: биология багыттары боюнча «табигый илимдер» тармагында.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажы жана тажрыйбасы талап кылынбайт.
3.Кесиптик компетенциялар:
Билими:
-“Үрөндөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик дотация жөнүндө” Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын
7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти жөнүндө” жобо.
5)Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар: (персоналды башкаруу жетектөөчү адис)

1.Кесиптик билим деңгээли:
— жогорку билим: каалаган профилдеги.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажы жана тажрыйбасы талап кылынбайт.
3.Кесиптик компетенциялар:
Билим:
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы
№ 24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүү, аны түзүү жана иштетүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын
4-апрелиндеги № 189 токтому Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралдагы № 61 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө”;
— 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” жобо;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” жобо;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыктарына бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдү төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөөнүн тартиби жөнүндө” жобо;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы № 462 “Эмгек китепчесинин формасын, эмгек китепчесине кошумча барактын формасын жана эмгек китепчелерин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
— мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерге.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

-жеке арыз;
-түстүү сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу баракчасы (3х4);
-паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн документтин түп нускасы сынакка катышууда, ошондой эле тестирлөө баскычында көрсөтүлөт).
-талап кылынган кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын ырастоочу документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, нотариус же персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн же иштеген жеринен);
-өмүр баяны;
Документтер комплекти менен (скоросшивательге) толук берилиши керек. Толук эмес жана талаптарга жооп бербеген документтер жана маалыматтар кабыл алынбайт.

Документтер 2024-жылдын 6-августунан тартып 19-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментине тапшырылсын 720055, Бишкек ш., көч. Токтоналиева, 4а, (персоналды башкаруу жетектөөчү адиси).
Тел. 0312-54-04-23.

Конкурска жарамдуу талапкерлер чакырылат.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар сынакка катышууга киргизилбейт.