Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппараттын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн административдик кызмат орундарынын улук жана кенже тобуна кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт:
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
— сүрөтү менен резюме (тел номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
— автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
— окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Конкурска катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча тапшыра алышат.
Конкурска катышуу үчүн документтер көктөлүп жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Адам ресурстары бөлүмүнө төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Бишкек ш., Н.Исанов көч., 42, 305-кабинет.
Документтер 2024-жылдын 29-июлунан тартып 11-августуна чейин (10-август — кабыл алуунун акыркы күнү) иш күндөрү саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин кабыл алынат. Кошумча маалымат (0312) 31 41 08 телефону жана КР ТКМ www.mtd.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин www.mkk.gov.kg расмий сайттарында.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга ачык конкурска катышууга жол берилбейт.
Квалификациялык талаптар:
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү.
Жалпы мыйзамдарды билүү:
Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Багыттар боюнча предметтик мыйзамдарды билүү:
Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук багыты боюнча уулук кызмат орундарынын тобуна:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— «Экономика жана башкаруу» тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: экономика; «Экономика» тармагында: экономикалык теория, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит, дүйнөлүк экономика, улуттук экономика, экономика жана ишкананы башкаруу (тармактар боюнча).
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө;
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын:
«Бухгалтердик эсеп жөнүндө»;
«Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө»;
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын:
2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө»;
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө»;
Автомобиль жолдору багыты боюнча кенже кызмат орундарынын тобуна:
1. Кесиптик билим деңгээли:
— «Архитектура жана курулуш» тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: курулуш, шаар курулушу, гидротехникалык курулуш, архитектура; «Курулуш» тармагында: өнөр жай жана жарандык курулуш, шаардык курулуш жана чарба, имараттарды долбоорлоо, курулушту механизациялоо жана автоматташтыруу, курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү; «Транспорттук курулуш» тармагында: темир жол курулушу, жол жана жол чарбасы, автомобиль жолдору жана аэродромдор, көпүрөлөр жана транспорттук тоннелдер.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын:
«Автомобиль жолдору жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдору:
2017-жылдын 24-августундагы № 538 «Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;
2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө»;
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө».
Укуктук камсыздоо багыты боюнча кенже кызмат орду тобуна:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— «гуманитардык илимдер» тармагында юриспруденция багыты боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси;
— «Ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
— 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобо.
3.2. Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө:
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;
— сот жана мамлекеттик органдарда министрликтин кызыкчылыктарын коргоо.
Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнүн кенже кызмат орундарынын тобуна (иштеген жери Бишкек ш, Жалал-Абад обл, Ош обл.)
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— «Транспорттук техника жана технология» тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер, машина куруу технологиясы, транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо, транспорттук процесстердин технологиясы, темир жолдорунун кыймылдуу курамы; «Жерде жүрүүчү транспортту эксплуатациялоо» тармагында: автомобилдер жана автомобиль чарбасы, транспорттук жана технологиялык машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча); «Транспорттук курулуш» тармагында: темир жолдорду куруу, жол жана жол чарбасы, автомобиль жолдору жана аэродромдор; «Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу» тармагында: ташууларды уюштуруу жана транспортто башкаруу (түрлөрү боюнча), кыймылдын коопсуздугу жана уюштурулушу; «Айыл чарба жана айыл чарба илимдери” багытында айыл чарбасын механизациялоо, Техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология багытында: инженер куруучу, «Курулуш» тармагында: автомобиль жолдорун куруу, «Гуманитардык илимдер» тармагында: юриспруденция.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү ченемдик-укуктук актыларды:
— Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
«Автомобиль транспорту жөнүндө»;
«Темир жол транспорту жөнүндө»; «Автомобиль жолдору жөнүндө»;
«Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө»;
«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдору:
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө».
Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
Жөндөмдүүлүгү:
— статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат өндүрүү;
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө системаларын колдонуу;
— ар кандай браузерлер менен иштөө;
— презентацияларды уюштуруу;
— маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдаланууга;;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;
— кеңсе техникасы менен иштөө: көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү такта, факс.