Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин борбордук аппаратынын кадрлар резервинин административдик кызматтардын Эл аралык кызматташуу багыты боюнча улук жана кенже тобуна киргизүү үчүн ачык сынагын жарыялайт.

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
4)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

II. ТИЕШЕЛҮҮ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫ БОЮНЧА ИШ ЧӨЙРӨСҮН РЕГЛАМЕНТТӨӨЧҮ МЫЙЗАМДАРДЫ (ПРЕДМЕТТИК) БИЛҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ ТАЛАПТАР ЖАНА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
Эл аралык ташуулар жана интеграция бөлүмү
Башкы адис (У-Б)
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
1)“Техникалык илимдер” чөйрөсүндөгү жогорку техникалык кесиптик билиминин төмөндөгү багыттагы адистиктери:
-“Жер транспортунун системалары” багытындагы “Автомобиль жана автомобиль чарбасы” адистиги;
-“Автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо” багытындагы “Ташууну жана транспортту башкарууну уюштуруу”, “Жол кыймылын уюштуруу”, “Кыймылды уюштуруу жана коопсуздук”, “Автомобиль транспортун эксплуатациялоо” адистиктери;
2)“Транспорттук техника жана технология” чөйрөсүндөгү жогорку техникалык кесиптик билиминин төмөндөгү багыттагы адистиктери:
-“Транспорт-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо” багытындагы “Автомобиль транспорту”, “Суу транспорту”, “Машина куруу”, “Механизация” адистиктери;
3)Гуманитардык илимдеринин “Юриспруденция” жана “Эл аралык мамилелер” багыттагы адистиктери.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-“Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январы № 25 “Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, токтото туруу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 259 «Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө” токтому;
Ошондой эле төмөнкүлөрдү билүү зарыл:
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
— статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды өндүрүү;
— тест, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
— файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө, атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү;
— тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу;
— диск мейкиндигин тазалоо (архивдөө);
— компьютердик жана социалдык тармактардагы иш: маалыматты издөө, бөлүшүү жана сактоо (интернет, электрондук почта ж.б.);
— электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү;
— ар кандай браузерлер менен иштөө;
— кеңсе техникасы менен иштөө: көчүргүчтөр, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.
Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Жетектөөчү адис (К-А)
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
1)“Техникалык илимдер” чөйрөсүндөгү жогорку техникалык кесиптик билиминин төмөндөгү багыттагы адистиктери:
-“Жер транспортунун системалары” багытындагы “Автомобиль жана автомобиль чарбасы” адистиги;
-“Автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо” багытындагы “Ташууну жана транспортту башкарууну уюштуруу”, “Жол кыймылын уюштуруу”, “Кыймылды уюштуруу жана коопсуздук”, “Автомобиль транспортун эксплуатациялоо” адистиктери;
2)“Транспорттук техника жана технология” чөйрөсүндөгү жогорку техникалык кесиптик билиминин төмөндөгү багыттагы адистиктери:
-“Транспорт-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо” багытындагы “Автомобиль транспорту”, “Суу транспорту”, “Машина куруу” , “Механизация” адистиктери;
3)Гуманитардык илимдеринин “Юриспруденция” жана “Эл аралык мамилелер” багыттагы адистиктери.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
-Иш стажына талаптарды койбостон.
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-“Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январы № 25 “Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, токтото туруу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 259 «Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө” токтому;
Ошондой эле төмөнкүлөрдү билүү зарыл:
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
— статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды өндүрүү;
— тест, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
— файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө, атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү;
— тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу;
— диск мейкиндигин тазалоо (архивдөө);
— компьютердик жана социалдык тармактардагы иш: маалыматты издөө, бөлүшүү жана сактоо (интернет, электрондук почта ж.б.);
— электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү;
— ар кандай браузерлер менен иштөө;
— кеңсе техникасы менен иштөө: көчүргүчтөр, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.
Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө;
Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
-жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баяны (резюме, сүрөтүн;);
-паспорттун көчүрмөсүн;
-керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөндүрүлөт).

Документтерди 2024-жылдын 18-сентябрынан 30-сентябрына чейин Уюштуруу жана укуктук иштер бөлүмүнө тапшыруу керек. Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Н.Исанов көчөсү 42, каб.212 (Уюштуруу жана укуктук иштер бөлүмүнө) байланыш номери (0312) 31-40-73.