«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппараттын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн административдик кызмат орундарынын кенже топторуна кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт:
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
— сүрөтү менен резюме (тел номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
— автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
— окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Конкурска катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча тапшыра алышат.
Конкурска катышуу үчүн документтер көктөлүп жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Адам ресурстары башкаруу жана уюштуруу бөлүмүнө төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Бишкек ш., Н.Исанов көч., 42, 305-кабинет.

Документтер 2025-жылдын 27-майынан тартып 10-июнга чейин (9-июнь — кабыл алуунун акыркы күнү) иш күндөрү саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин кабыл алынат. Кошумча маалымат (0312) 31 43 94 телефону жана КР ТКМ www.mtd.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин www.mkk.gov.kg расмий сайттарында.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга ачык конкурска катышууга жол берилбейт.

Квалификациялык талаптар:
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү.

Административдик мамлекеттик кенже кызмат орундары үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.

Автомобиль жолдору багыты боюнча кенже кызмат орундарынын тобуна
1.Кесиптик билим деңгээли:
Архитектура жана курулуш тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: курулуш, шаар курулушу, гидротехникалык курулуш; Курулуш тармагында: өнөр жай жана жарандык курулуш, шаардык курулуш жана чарба, имараттарды долбоорлоо, курулушту механизациялоо жана автоматташтыруу, курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү; Транспорттук курулуш тармагында: темир жол курулушу, жол жана жол чарбасы, автомобиль жолдору жана аэродромдор, көпүрөлөр жана транспорттук тоннелдер.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Билимдери:
Иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары анын ичинен:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынан:
Кыргыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси 2022-жылдын 31-майындагы № 171.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
Автомобиль жолдору жөнүндө, Жол фонду жөнүндө, Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө.
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдору:
2021-жылдын 6-августундагы № 114 Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
2017-жылдын 24-августундагы № 538 Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
2009-жылдын 19-сентябрындагы № 597 Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын куруунун, жер пайдалануунун жана абатташтыруунун типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө;
2017-жылдын 17-августундагы № 512 Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибин бекитүү жөнүндө;
2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө;
2022-жылдын 12-июлундагы № 379 Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө;
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө.
3.2. Билгичтиги:
— маалыматтарды чогултуу, системалаштыруу жана жалпылоо;
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө.
3.3. Көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү.