Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар Департаменти (мындан ары — Департамент), административдик даттанууларды
жана кайрылууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын курамына кабыл алуу жөнүндө төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги №27 «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын (мындан ары-Мыйзам) 43-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пунктуларына ылайык, берүүлөр жана консультанттар веб-портал аркылуу сатып алуучу уюмдун/Агенттиктин аракетине (аракетсиздигине), чечимине даттанууга укуктуу,

эгерде алардын аракети (аракетсиздиги), чечими бул берүүчүнүн же консультанттын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын төмөнкү тартипте бузса:
1) сатып алуучу уюмдун/Агенттин дарегине (биринчи инстанциядагы администрациялык орган);
2) көз карандысыз комиссиянын дарегине (экинчи инстанциядагы администрациялык орган).
Эки инстанциядагы даттануу канааттандырылбаган учурда, даттанууларды кароо сот тартибинде жүзөгө ашырылат.
Мыйзамдын 45-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимине жана сатып алуучу уюмдун/Агенттин кайрылуусуна административдик даттануулар Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн даттануулар жана кайрылуулар
боюнча көз карандысыз комиссия (Көз карандысыз комиссия) тарабынан каралат. Көз карандысыз комиссия коомчулуктун өкүлдөрүнөн, юристтерден жана мамлекеттик сатып
алуулар боюнча сертификаты бар адистерден турат. Көз карандысыз комиссиянын бардык мүчөлөрү мамлекеттик сатып алуулар жаатында сертификатка ээ болушу керек.
Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын негизги принциптерин колдонуу максатында, сатып алуулардын катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда ачыктык, калыстык,
айкындуулук жана ачык-айрымдуулукту сактоо максатында, Көз карандысыз комиссиянын курамын жана резервин кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-ноябрындагы №7-Б буйругу менен бекитилген даттануулар жана кайрылуулар боюнча
көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускаманын 2-главасынын 4-пунктуна (мындан ары-Нускама) ылайык, административдик даттанууларды жана кайрылууларды
кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын курамы өзүнө коомчулуктун өкүлдөрүн мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы сертификацияланган адистерди, ошондой эле юриспруденция жаатындагы адистерди камтыган үч топтон турат жана көз карандысыз комиссиянын курамы 15 мүчөдөн кем эмес болушу керек жана:
— үчтөн бири-юриспруденция жаатындагы адистерден;
— үчтөн бири-мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификаты бар адистерден;
— үчтөн бири-коомчулуктун өкүлдөрүнөн турат.
Ошону менен бирге, Нускаманын 2-главасынын 8-пунктуна ылайык, көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүн жана резервдин курамын тандоо, ошондой эле көз
карандысыз комиссиянын мүчөлөрүнүн иши боюнча отчетторду кароо үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Мамлекеттик сатып
алуулар боюнча эксперттик кеңеш (мындан ары — ЭК) түзүлөт. ЭК мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн, жарандык коом институтунун өкүлдөрүнөн жана көз
карандысыз эксперттерден турат. ЭК жөнүндө Жобо Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. ЭК өзүнүн иш регламентин өз алдынча аныктайт жана бекитет.
ЭК мамлекеттик сатып алуулар боюнча көз карандысыз комиссиясынын курамын толуктоо максатында ар бир топко көз карандысыз комиссиянын жана Комиссиянын
резервинин курамына талапкерлерди тандоо жүргүзөт.
Тмөнкү талаптарга ылайык келген адам көз карандысыз комиссиянын жана резервдин курамынын мүчөсү боло алат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынын болушу;
2) жогорку кесиптик билиминин болушу;
3) Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистин сертификатынын болушу;
4) юриспруденция жаатындагы адис үчүн-юридикалык кесип боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
5)амамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү сертификацияланган адис үчүнмамлекеттик сатып алуулар боюнча адистин 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
6) коомчулуктун өкүлү үчүн-эксперттик же изилдөө ишинде 3 жылдан кем эмес тажрыйбанын болушу;
7) соттуулуктун жоктугу.
Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүн жана резервдик курамын тандоодо адилеттүү жана ачык-айкын жол-жоболорду колдонуу менен ачык конкурс өткөрүү
аркылуу жүзөгө ашырылат. Талапкерлер ЭК тарабынан эки этапта бааланат:
1) Биринчи этап — талапкерлерден берилген тастыктоочу документтерди баалоо;
2) экинчи этап — маектешүү.
Көз карандысыз комиссиянын жана резервдин курамына тандоо боюнча конкурска катышууну каалаган адам тарабынан төмөнкү документтерди берүү зарыл:
1) Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ЭКтин төрагасынын атына арыз;
2) сүрөтү менен резюме;
3) паспорттун көчүрмөсү;
4)езарыл болгон кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими тууралуу
документтердин көчүрмөсү, мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификаттын көчүрмөсү);
5) соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат (аңгемелешүү өткөрүлгөн учурга карата берилиши мүмкүн). Ошону менен бирге, мамлекеттик же муниципалдык кызматта
кызмат орундарын ээлегендер, анын ичинде саясий мамлекеттик кызмат орундарын, саясий муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген
кызматкерлер көз карандысыз комиссиянын курамында иштей алышат экендигин билдиребиз.
Ушуга байланыштуу, Мыйзамды жана жогоруда аталган Тартипти аткаруу максатында Департамент каалоочуларды комиссиянын жана резервдин курамына тандоо
боюнча ачык конкурска катышууга чакырат. Талапкерлер эксперттик кеңеш үчүн документтерди 7 нускада Департаментке 2024-жылдын 12-августуна чейин төмөнкү дарек боюнча бериши керек: Бишкек ш., бул. Эркиндик 58а, 704 бөлмө.
Кошумча маалыматты төмөнкү номер аркылуу алууга болот: 0312 62 53 13(2341), 0312 62 53 13(2342).