Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын кадрлар резервине улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөө үчүн ачык конкурстук тандоо жарыялайт.
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
2) кеминде 21 жашта болушу керек;
3) кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү керек.
Мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси (аудиторлор):
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
5)Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
7)2020-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн квалификациялык талаптар (аудиторлор):
1.Кесиптик билиминин деңгээли:
-жогорку экономикалык билим же башка (экономикалык эмес) билим;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине коюлган талаптарга жооп берген ички аудитордун квалификациялык сертификаты.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
-экономикалык адистиги боюнча мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик компетенциясы:
Билими (предметтик мыйзамдарды билүүсүнө тесттик тапшырмаларды түзүүдө пайдаланылуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси):
– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Ички аудит жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;
– 2013-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 498 токтому менен бекитилген “Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө” Жобо;
– 2013-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 721 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттары”;
– 2013-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 722 токтому менен бекитилген “Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө” Жобо;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-сентябрындагы № 112-П “Кыргыз Республикасында ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1-П “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругу;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2008-жылдын 17-мартындагы №54-П буйругу менен бекитилген “Ички аудит боюнча колдонмо”;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 28-декабрындагы №212-П буйругу менен бекатилген “Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик программасын түзүү боюнча колдонмо”.

Жөндөмдөр:
-Бөлүмдүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана Кызматтын стратегиялык пландарын иштеп чыгуу;
-өзүнүн ишин жана Бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана анын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
-ички аудитти жүргүзүүнү пландаштыруу жана уюштуруу;
-ички жана тышкы аудиттин натыйжалары боюнча маалыматтарды талдоону жүргүзүү;
-ички аудит объектисинин финасылык-чарбалык ишмердүүлүгү, жумуш процесси жана ички контрол тутуму жөнүндө маалыматты топтоо, талдоо, баалоо жана документтештирүү;
-жумуш процесстерин баяндоо, талдоо жана жакшыртуу боюнча ишти уюштуруу;
-ички аудиттин жыйынтыктары боюнча отчетторду калыптоо;
-ички аудит объектисинин кызматкерлерине ички аудиттин функцияларын түшүндүрүү;
-маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны иш жүзүндө колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-кызматтык документтерди мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо;
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышууну жүргүзүү;
-командада иштөө.
Көндүмдөр:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды күнүмдүк ишинде колдонуу;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү;
-кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында сүйлөө;
-башкаруучу чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
-мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулуктун болушу.

Конкурска катышууну каалаган адамдар “e-Kyzmat” https://kyzmat.gov.kg/мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет, өтүнмөгө электрондук форматындагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет же көктөмөгө тигилген кагаз түрүндөгү документтер тиркелет:
– КР ФМ караштуу Ички аудит кызматынын конкурстук комиссиясынын төрагасынын атына мамлекеттик кызмат орундарынын тобун көрсөтүү менен жеке арыз;
– сүрөтү бар резюме (электрондук почтаны жана соттолгондугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);
– акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
– акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
– окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
– ички аудитордун квалификациялык сертификатынын көчүрмөсү (сертификаттын түп нускасы менен кошо көрсөтүлөт – аудиторлор үчүн);
– соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат.
Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.
Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.
Документтер 2025-жылдын 04-ноябрьдан 13-ноябрьга чейин саат 10-00 дөн 17-00 гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Киев көч., 96 “б”, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы, каб. 320, Тел. 62-01-83, тыныгуу 12-30 сааттан 13-30 саатка чейин.