Конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:
— сынактын катышуучуларынын документтеринин мамлекеттик кызматчыларга коюлган талаптарга ылайык келүүсүн кароо;
— мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү;
— аңгемелешүү.
Кызматтардын улук тобун ээлөөгө кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— Жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
3. Кесиптик компетенциялар:
— жалпы мыйзамдарды билүү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү.
— билгичтиги:
• маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
• аналитикалык документтерди даярдоо;
• тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
• кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
• иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
• эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
— көндүмдөрү:
• ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
• ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
• башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
• компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Иш менен камсыз кылуу бөлүмү (Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов райондору боюнча), маалыматтык технологиялар жана ЭРМС Call-борбору, кесиптик окутуу, кесиптик багыт берүү, топтоо- аналитикалык бөлүмдөрүнүн улук топтогу кызмат орундары

1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер.
— предметтик мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө” Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” Мыйзамы.
Адамдык ресурстарды башкаруу жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн улук топтогу кызмат орундары:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер
— предметтик мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
2) Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы.

Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн улук топтогу кызмат орундары:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим: экономика жана башкаруу.
— предметтик мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы. Кызматтардын кенже тобун ээлөөгө кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— Жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Иш стажы талап кылынбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
— жалпы мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү.
— билгичтиги:
• жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
• документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
• тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
• кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
• жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
• мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
• командада иштөө;
— көндүмдөрү:
• ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
• компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Иш менен камсыз кылуу бөлүмү (Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов райондору боюнча), маалыматтык технологиялар жана ЭРМС Call-борбору, кесиптик окутуу, кесиптик багыт берүү, топтоо-аналитикалык бөлүмдөрүнүн кенже топтогу кызмат орундары
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер.
— предметтик мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы.
Адамдык ресурстарды башкаруу жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кенже топтогу кызмат орундары
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер
— предметтик мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
2) Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы.

Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн кенже топтогу кызмат орундары:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим: экономика жана башкаруу.
— предметтик мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:
— жеке арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөт менен;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
— автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек);
— соттолбогондугу жөнүндө маалымкат.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 19-майынан 30-майына чейин.
Көрсөтүлгөн документтер көктөмөгө көктөлүп Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгында
Бишкек ш. Токтогул, 237, саат 9:00дөн 17:30гө чейин. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыңыз: (0312) 64-16-85, 65-58-68