Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесине ылайык төмөндөгү административдик мамлекеттик кызмат орунуна сынак жарыялайт:

1.1. КР ӨКМдин борбордук аппаратынын Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын радиациялык-химиялык (бактериологиялык) коргоо жана медициналык бөлүмүнүн адиси –“К-Б” (Бишкек шаары)

Квалификациялык  жана жеке сапат талаптары:

Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу илимдери, өзгөчө кырдаалдарда коргоо жаатында, аскердик билим берүү, саламаттыкты сактоо.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

Төмөнкүлөрдү билүү:

жалпы мыйзам актылары:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

3) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси.

тиешелүү тармак боюнча:

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө”;  “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө”;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн: 1996-жылдын 12-апрелиндеги №159 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы эвакуациялык комиссиясы жөнүндө”, 2021-жылдын 10-мартындагы №87 “Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери жөнүндө”,  2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы №212 “Аймактарды  топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча  категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”,  2019-жылдын 6-майындагы №213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 13-майындагы №219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин  бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону  бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 23-октябрындагы №569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 19-февралындагы №58 “Жарандык коргонуу боюнча  комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун.

 

Функционалдык  милдеттери:

— жогорку жетекчиликтин маалыматтык иш-кагаздарын алып барууну (корреспонденция) аткарат;

— өзүнүн компетенттүүлүгүнүн чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

— өзүнүн ыйгарым укутарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылуулардын кароо жана аларга консультация берүү.

 

Сынака катышуу үчүн төмөнкү иш-кагаздарын  тапшыруу зарыл:

-арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;

-өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-өздүк баракча сүрөтү менен;

-паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кесиптик билимин, илимий даражасын жана илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Сынака катышуу үчүн бардык калоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя чыккан күндөн тартып 2021-жылдын 11-октябрына чейин төмөнкү даректер боюнча тапшыруу керек:

Бишкек шаары, Манас көчөсү, 101/1, 6-кабат, каб. 610 тел.: 323385

Кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (www.mes.gov.kg) жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын (www.mkk.gov.kg) сайттарынан  алса болот.

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.