Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн
административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобуна ачык конкурс жарыялайт:

Административдик  мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобуна (К-А),  Ош шаары

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билими, төмөнкү багыттар боюнча: курулуш жана архитектура, инженер-куруучу, инженер-гидротехник, инженер-гидромелиоратор жаатында;

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому;
Предметтик мыйзамдар 

— Кыргыз Республикасынын: “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамдарын;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер  Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө”, 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”,  2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун;

— Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери жана эрежелери боюнча ”Бүткөн обьектилерди эксплуатацияга кабыл алуу ” (СНиП КР 12-03-00), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик курулуш жана архитектура инспекциясы тарабынан бекитилген 27.06.2000ж.№8, ”Өндүрүштүк имараттар”(СНиП КР 31.05.2001,СНиП 2.05.03-84,СНиП 2.03.01-84,СНип13.01-98, СНиП2. 06.04-82),”  Мамлекеттик архитектура боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу комиссиясынын токтому менен бекитилген №62 16.04.2001ж, ”Кыргыз Республикасынын территориясында курулма, имарат, мекемелердин курулуш наркын аныктоочу көрсөтмө (СНиП 81-01-00, азыркы мезгилде гидротехникалык курулмалар боюнча СНиПтер), КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы №114 «Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу», Курулуш иштеринин бирдигине бааларды чогултуу (КРЕР-2015)

3.2.Билгичтиги:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

— документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо, мамлекеттик жана расмий тилде ишкердик кат алышуу;

— тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;

3.3.Көндүмдөрү:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктууларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер (көктөмөгө тиркөө менен) тапшырылат:

— Жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме(электрондук почтаны көрсөтүү менен), сүрөтүн;

-паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документтинин көчүрмөсү(түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);

-керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматты тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтерди кабыл алуу орду жана убактысы:

 

Ош шаары, Муминова көчөсү 11, 1-кабат 4-кабинет ,7-13-52, 0553112907

 

Документтерди  кабыл алуу 2024-жылдын 19-февралынан   2-мартына   чейин (кошкондо) жүргүзүлөт.