Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнү жарыялайт:
Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:
Жалпы негизги тестирлөө үчүн билүүсү керек:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
6) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Жалпы негизги тестирлөө үчүн билүүсү керек:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:
Жалпы негизги тестирлөө үчүн билүүсү керек:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
1. Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
2. Компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон программалык продуктуларды (Word, Excel) билүү, анын ичинде төмөнкү билгичтик:
— презентацияларды уюштуруу;
— издөө системаларын колдонуу;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;
— веб-конференц-байланышты уюштуруунун тиркемелерин колдонуу;
— компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.
1. Токой жана токой аңчылык жайгаштыруу багыты боюнча квалификациялык талаптар:
Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
— токой чарбасы, табият таануу илимдер жаатындагы экология жана жаратылышты пайдалануу, биология багыттары, геодезия жана жерге жайгаштыруу жаатындагы кадастр жана жерге жайгаштыруу багыттары боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
— Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” Мыйзамдары;
− Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 706 “Токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө”, 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 636 “Чарбалар аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2013-жылдын 13-августундагы № 458 “Токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин жана жер фондунун башка категорияларындагы токой баскан аянттардын нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2002-жылдын 4-февралындагы № 47 “Айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баалоосун (ченемдик баасын) жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө”, 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 “Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө”, 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө”, 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомдору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо.
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
— токой чарбасы багыты боюнча, табият таануу илимдер жаатындагы экология жана жаратылышты пайдалануу багыты боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
— Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 “Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө”,
2019-жылдын 10-февралындагы № 97 “Кыргыз Республикасынын токойлорунда жыгачты өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн эрежелерин, токой породаларынын өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн таксаларын жана Кыргыз Республикасынын токой каптаган аянтын баалоо үчүн ченемдерди бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 27-майындагы № 231 “2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүү Концепциясын бекитүү жөнүндө”, 2015-жылдын 13-октябрындагы №706 “Токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө”, 2015-жылдын 14-сентябрындагы №636 “Чарбалар аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомдору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо.
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
— токой чарбасы багыты боюнча, табият таануу илимдер жаатындагы экология жана жаратылышты пайдалануу багыты боюнча,
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
— Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 706 “Токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобону.
2. Укук таануу багыты боюнча квалификациялык талаптар:
Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
— юриспруденция, укук таануу багыты боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
— Кыргыз Республикасынын Токой кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” Мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 “Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө”,
2019-жылдын 27-майындагы № 231 “2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүү Концепциясын бекитүү жөнүндө” токтомдору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын
4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо.
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
— юриспруденция, укук таануу багыты боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
— Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” Мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 “Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө”,
2019-жылдын 27-майындагы № 231 “2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүү Концепциясын бекитүү жөнүндө” токтомдору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын
4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобону.
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
— юриспруденция, укук таануу багыты боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажы талап кылынбайт.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
— Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;.
— Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” Мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 “Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө”,
2019-жылдын 27-майындагы № 231 “2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүү Концепциясын бекитүү жөнүндө” токтомдору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо.
3. Финансы экономикалык багыты боюнча квалификациялык талаптар:
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
— экономика жана башкаруу жаатындагы финансы, экономика жана бухгалтердик эсеп, салыктар жана салык салуу багыттары боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси, Салык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамдары;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын
4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобону;
-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын
25-декабрынын № 137 “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчёттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругун;
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификация секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобосу.
— юриспруденция, укук таануу багыты боюнча жогорку билим.
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
— экономика жана башкаруу жаатындагы финансы, экономика жана бухгалтердик эсеп, салыктар жана салык салуу багыттары боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажы талап кылынбайт.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын
4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы жөнүндө жобо;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын
25-декабрынын № 137 “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчёттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругу.
4. Санариптештирүү багыты боюнча квалификациялык талаптар:
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
— физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика жаатында колдонмо информатика багыты боюнча, эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар жаатында информатика жана эсептөө техникасы, маалыматтык системалар жана технологиялар багыттары боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
— Кыргыз Республикасынын “Электрондук кол тамга жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын
4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо;
5. Адам ресурстарын башкаруу жана иш кагаздарын жүргүзүү багыты боюнча квалификациялык талаптар:
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
— экономика жана башкаруу жаатында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча, гуманитардык илимдер жаатында юриспруденция, филология багыттары боюнча, табият таануу илимдер жаатында экология жана жаратылышты пайдалануу багыты боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ
№ 24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнү, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө”, 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдү төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 61 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” Жарлыктары;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын
4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо.
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:
Кесиптик билим деңгээли:
— гуманитардык илимдер жаатында филология, лингвистика багыттары боюнча, табият таануу илимдер жаатында экология жана жаратылышты пайдалануу, биология жана токой иши багыттары боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек:
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматты камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди көктөмөдө мамлекеттик тилде тапшыруу зарыл:
1) Жеке арызы;
2) резюме (электрондук почтасын, телефонун көрсөтүү менен);
3) өмүр баяны (соттуулугу жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
4) негизги жана кошумча (бар болсо) билимди тастыктаган документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
5) Эмгек китепчесинин (эмгек стажы бар болсо) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же акыркы иштеген жери боюнча;
6) илимий даражасы жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (эгерде бар болсо);
7) паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
8) Толторулган кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы;
9) 2 даана 3х4 разм кызыл фондогу сүрөт.
Ачык сынакка катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек. Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 13-июнунан тартып 2024-жылдын 25-июнуна чейин саат 09:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат.
Бишкек шаары, Л. Толстой көчөсү 3
19-кабинет, тел.: 54-49-89