Улук административдик мамлекеттик жарандык кызматынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар: Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 2) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; 3) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; 4) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; 5) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; 6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – кайсы болбосун тармактагы жогорку кесиптик билим; – жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, энергетика жана электротехника, техникалык, айыл чарба, экономика жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, табият таануу, архитектура жана курулуш, саламаттыкты сактоо, гуманитардык илимдер; өзгөчө кырдаалдардан коргонуу; эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, табият таануу илимдери; бухгалтердик эсеп жана аудит, каржы; педагогикалык. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: – Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин; – Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: – 2000-жылдын 21-январындагы № 35 Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө; – 2018-жылдын 24-майындагы N 54 “Жарандык коргонуу жөнүндө” – 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”; – 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”; – 2017-жылдын 12-декабрындагы № 206 (11) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”; – 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө”. Токтомдорду: – 2011-жылдын 3-январындагы № 1 “Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистүү кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; – 2017-жылдын 6-январындагы № 8 “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; – 2019-жылдын 28-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”; – 2008-жылдын 23-январындагы № 22 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө”; – 2014-жылдын 14-январындагы № 28 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн эркин жалданган жана жарандык персоналына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”; – 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; – 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө”; – 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө”; – 2019-жылдын 24-июнундагы № 315 “Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”; – 2010-жылдын 17-декабры № 327 “Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө” – 2021-жылдын 29-декабрындагы № 356 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; – 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө; – 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”; – 2014-жылдын 31-октябрындагы № 620 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларынын акчалай акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; – 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө”; – 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө”. 3.2. Билгичтиги; – документтердин, маалыматтардын, сурамдарга жооптордун сапаттуу даярдоого жөндөмү; – командада иштей билүүгө жөндөмү; – кызматтык алака, көңүл бөлүүгө, демилге көтөрө билүүгө жөндөмү; – ири көлөмдөгү маалыматтар менен иштей билүүгө жөндөмү. 3.3. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. Кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар: Кенже административдик кызмат орундарынын топтору үчүн билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Кенже административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – кайсы болбосун тармактагы жогорку кесиптик билим. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талаптар коюлбайт; 3. Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: – Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы N 54 “Жарандык коргонуу жөнүндө”, 2000-жылдын 21-январындагы № 35 Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө; 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдарын, – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы №398 “Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартиптерин бекитүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 24-июнундагы № 315 “Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2010-жылдын 17-декабры № 327 “Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 28-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2011-жылдын 3-январындагы № 1 “Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистүү кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун 3.2. Билгичтиги; – документтердин, маалыматтардын, сурамдарга жооптордун сапаттуу даярдоого жөндөмү; – командада иштей билүүгө жөндөмү; – кызматтык алака, көңүл бөлүүгө, демилге көтөрө билүүгө жөндөмү; – ири көлөмдөгү маалыматтар менен иштей билүүгө жөндөмү. 3.3. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл: – жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн; – паспорттун көчүрмөсүн; – керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо). Документтерди конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде Кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек. Жазуулар боюнча багыттоо Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагынын айыл окмоту Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт Ак-Талаа районунун Кош-Добо айыл аймагынын айыл окмоту Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт