Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык,Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматтын административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын кенже топторуна конкурс жарыялайт:

I.Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына: (Жалал-Абад жана Талас облустары боюнча башкармалыгы)
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: өрт коопсуздугу, электр менен камсыздоо, өнөр-жай жана жарандык курулуш, шаардык курулуш жана чарба, гидротехникалык курулуш, телекоммуникация, жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы, техносфералык коопсуздук (өрт коопсуздугу, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жаатында), автоматташтыруу жана башкаруу, юриспруденция.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын: “Өрт коопсуздугу жөнүндө”, “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун: 2018-жылдын 22-августундагы № 381 “Кыргыз Республикасындагы өрт коопсуздугунун эрежелери”; 2019-жылдын 6-майындагы № 214 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө”, 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 196 “Өрттү аныктоонун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен корголууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө”, 2007-жылдын 24-августундагы № 368 “Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө”, 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2018-жылдын 29-январындагы № 56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобону.
-Бажы биримдигинин Техникалык регламенттери: “Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” (ББ ТР 006/2011); “Өрт коопсуздугун камсыздоо жана өрттү өчүрүү каражаттарына талаптар жөнүндө” (ТР ЕАЭБ 043/2017).
3.2.Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-ишмердиктин приоритеттүү багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүнүштөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон аракеттерди бириктирүү, талдоо жүргүзүү, божомолдоо, жалпылоо, мониторингдөө жана контролдоо;
-башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана анын кесепеттерине жоопкерчиликтүү болуу;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү;
-коюлган милдеттерди чечүү үчүн новаторлук кадамдарды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
-өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүнүштүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-ведомство аралык өз ара кызматташуу.
3.3.Көндүмдөрү:
-жеке жана юридикалык жактардын суроолору боюнча корреспонденциялар менен иш алып баруу;
-ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
-ишти пландоо жана кызматтык иш убактысын туура бөлүштүрүү;
-башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу.

II.Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына: (Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгы)
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: өрт коопсуздугу, электр менен камсыздоо, өнөр-жай жана жарандык курулуш, шаардык курулуш жана чарба, гидротехникалык курулуш; жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы, техносфералык коопсуздук (өрт коопсуздугу, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жаатында), автоматташтыруу жана башкаруу; юриспруденция.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Предметтик мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодекси;
-Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын: “Өрт коопсуздугу жөнүндө”, “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун: 2018-жылдын 22-августундагы № 381 “Кыргыз Республикасындагы өрт коопсуздугунун эрежелери”; 2019-жылдын 6-майындагы № 214 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө”, 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 196 “Өрттү аныктоонун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен корголууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө”, 2007-жылдын 24-августундагы № 368 “Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө”, 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2018-жылдын 29-январындагы № 56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобону.
-Бажы биримдигинин Техникалык регламенттери: “Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” (ББ ТР 006/2011); “Өрт коопсуздугун камсыздоо жана өрттү өчүрүү каражаттарына талаптар жөнүндө” (ТР ЕАЭБ 043/2017).
3.2.Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— ишмердиктин приоритеттүү багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүнүштөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон аракеттерди бириктирүү, талдоо жүргүзүү, божомолдоо, жалпылоо, мониторингдөө жана контролдоо;
— башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана анын кесепеттерине жоопкерчиликтүү болуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү;
— коюлган милдеттерди чечүү үчүн новаторлук кадамдарды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
— өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүнүштүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ведомство аралык өз ара кызматташуу.
3.3.Көндүмдөрү:
— жеке жана юридикалык жактардын суроолору боюнча корреспонденциялар менен иш алып баруу;
— ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
— ишти пландоо жана кызматтык иш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
— паспорттун көчүрмөсүн;
— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Документтерди кабыл алуу дареги: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы, дареги: Бишкек шаары, Манас пр., 101/1, Жумабек көч., 203/1, 3-кабат, 313-кабинети, телефону: 0500967828 (9:00дан-17:00чейин).
Документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 30-августуна чейин (кошкондо) жүргүзүлөт.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган талапкерлерге Конкурска катышууга жол берилбейт.