Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын улук жана кенже топторуна конкурс жарыялайт:

1.Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна:
Кесиптик билим деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык илимдери, архитектура жана курулуш, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жаатында.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому.
Предметтик мыйзамдар:
— “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 токтому;
— “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 токтому;
-“Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 219 токтому;
-“Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 токтому;
— “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 16 токтому;
— “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо.
Билгичтиги:
— геодезиялык инструменттерде иштөөнү билүү, жеринде тиешелүү тартууларды жүргүзүүнү;
— курулуштагы экономикалык суроолорду билүү, калькуляция, сметаларды жана сметалык-каржы эсептерин жүргүзүүнү;
— аналитикалык жөндөмдүүлүгү, аналитикалык иш-кагаздарын даярдоо, презентация жасоо жөндөмдүүлүгү болушу;
— жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүүгө, командада иштөөгө жөндөмдүү болушу.
Көндүмдөрү:
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү.

2.Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже тобуна:
Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык илимдери, архитектура жана курулуш, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жаатында.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
Билгичтиги:
— геодезиялык инструменттерде иштөөнү билүү, жеринде тиешелүү тартууларды жүргүзүүнү;
— курулуштагы экономикалык суроолорду билүү, калькуляция, сметаларды жана сметалык-каржы эсептерин жүргүзүүнү;
— аналитикалык жөндөмдүүлүгү, аналитикалык иш-кагаздарын даярдоо, презентация жасоо жөндөмдүүлүгү болушу;
— жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүү, командада иштөө жөндөмдүү болушу.
Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.
Документтерди 2024-жылдын 30-сентябрына чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.
Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.612 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385