Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт:

I. Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча:инженердик-техникалык, архитектура жана курулуш, инженер-гидротехник.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө», «Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, «Жарандык коргонуу жөнүндө» мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобосу, КР ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат жөнүндө жобосу.
3.2. Билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
— алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3. Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
— маалыматтык талдоо, системамалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.

II. Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика, бухгалтердик эсеп жана аудит, финансы.
— “1С бухгалтерия” программасын жогорку деңгээлде билүү жана сертификатынын болуусу;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Эмгек кодекси;
-Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө», “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 7-сентябрындагы №267 “Аскер кызматчыларына, жумуштан кеткен аскердик кызматчыларга, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык кепилдиктери жөнүндө” жарлыгы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн: 2017-жылдын 1-мартындагы
№131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө
шарттары жөнүндө»; 2014-жылдын 31-октябрындагы №620 «Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларынын акчалай акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу», 2008-жылдын 23-январындагы №22 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө», 2014-жылдын 14-январындагы №29 “Аскер кызматкерлеринин айрым категоряларынын, укук коргоо органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Мамлекеттик фельдегер кызматынын кызматчыларынын акчалай маянасы жөнүндө”, 2005-жылдын 28-сентябрындагы №457 “Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчуларынын эмгегине акы төлөө боюнча кошумча чаралар жөнүндө”, 2014-жылдын 14-январындагы №28 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн эркин жалданган жана жарандык персоналына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо;
-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137 “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругу.
3.2. Билгичтиги:
— материалдык-жооптуу адамдардын товардык-материалдык баалуулуктарды жокко чыгаруу боюнча актылары, материалдык отчеттору менен иштөө тажрыйбасы болушу;
— кызматтарды жана материалдарды камсыздоочу менен эсептешүүлөрдү тактоону, камсыздоочуларды дебитордук карызды жабууну талап кылууну, кызматтарды жана товарларды, материалдарды камсыздоочу менен түзүлгөн келишимдин аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү;
— бюджеттик конфигурациясындагы «1-С бухгалтерия» программасын жетишээрлик деңгээлде билүү;
— материалдык баалуулуктарды алуу үчүн ишеним каттарды берүү жана каттоо журналын жүргүзүүнү;
— статистикалык отчеттуулукту даярдоо жана тапшырууну;
-аванстык суммалар боюнча отчетторду талдоону;
— жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүү, командада иштөө жөндөмдүү болушу;
— аналитикалык жана стратегиялык иш-кагаздарын даярдоо, презентациялык жөндөмдүүлүгү болушу;
— кызматтарды, жумуштарды жана материалдарды камсыздоочу менен түзүлгөн келишимдердин реестрин түзүүнү;
— мамлекеттик мүлк фондусунун негизги каражаттары боюнча жылдык инвентаризация жүргүзүүнү.
3.3. Көндүмдөрү:
-Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

III. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— бардык тармактагы жогорку билим, анын ичинен эл аралык кызматташтык, чет тили, гуманитардык илимдери багыттар боюнча артыкчылык берилет.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, «Мамлекеттик протоколу жөнүндө», “Эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”, “Эл аралык чукул жардам жөнүндө ”мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо.
3.2. Билгичтиги:
— чет элдик өлкөлөр менен кызматташтык боюнча документтерди талдоо жүргүзүү;
— жетектеген багытында ишмердүүлүктүн мерчемин даярдоо жана иш алып баруу;
— эл аралык кызматташуу маселери боюнча Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү менен иштөө;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө чет тилдерин билүү, англис тилине артыкчылык берилет.
3.3. Көндүмдөрү:
— чечимдерди ыкчам түрдө чыгаруу жана ишке ашыруу;
— бөлүмдөгү башка кызматкерлер менен өз-ара иштөө;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын билүү.

IV. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: техникалык илимдери, информатика жана эсептөө техникасы, гуманитардык илимдери, социалдык илимдери, экономика жана башкаруу, табият таануу илимдери, физика-математика илимдери, педагогикалык билим берүү, өзгөчө кырдаалдардан коргонуу жаатында, аскердик билим берүү.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон
куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы
№550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 6-майындагы №213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 23-октябрындагы №569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 19-февралындагы №58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо.
3.2. Билгичтиги:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо ишин жүргүзүү.
3.3. Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
— паспорттун көчүрмөсүн;
— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтерди 2022-жылдын 22-апрелине чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.

Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.610 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385