Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматы

 Улук административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар белгиленет:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама

 

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй  квалификациялык талаптар белгиленет (Жалал-Абад, Ала-Бука):

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

—  жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш жана курулуш

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Суу жөнүндө”  мыйзамдарын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтомунун,

— Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосу” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматы жөнүндөгү жобону”;

— Кыргыз Республикасынын Гидротехникалык курулмалар долбоордук негизги жоболору СНиП РК 3.04-01-2008;  Суу каптаган жана суу каптаган аймактарда инженердик коргонуу СНиП РК 2.03-10-2002;  Негизги эсептелген гидрологиялык мүнөздөмөлөрдү аныктоо МСП 3.04-101-2005; Гидротехника. Негизги түшүнүктөр. Терминдер жана аныктамалар ГОСТ 19185-73

3.2. Билгичтиги:

ПСД сметаны түзүү,чийме чийүү;

— толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жана чиймелер);

— объекти нивелирдик жана теодолиттик ченем өткөрүү;

—  технологиянын негиздери жана курулуш иштеринин түрлөрүн билүү;

— толук оңдоолуучу объекттерге керектөөчү каражатын эсептеп чыгаруу;

— техникалык эксплуатациянын эрежелерин, коргоо жана калыбына келтирүү жумуштарынын түзүлүшүн, техникалык тейлөөнү;

— презентация жасоого жөндөмдүү

3.3. Көндүмдөрү:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

— геодезиялык инструменттерде иштөө, тиешелүү  жайларды сүрөткө түшүрүү

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

  • Арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;
  • Өмүр баян;
  • Өздүк баракча сүрөтү менен;
  • Паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документтинин көчүрмөсү;
  • Эмгек китепчисинин көчүрмөсү, кесиптик билиминин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Документтерди сынак жарыяланган күндөн тартып 10-жумушчу күнүнөн кечиктирбестен кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек.

Дарек: Ош шаары, Муминова көчөсү,11; 1этаж, 13 кабинет, телефон: 0555112695