Кыштут айыл ѳкмѳтү ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн конкурс жарыялайт
Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;
Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— орто кесиптик билим же жогорку билим
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт;
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтомуменен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”
- Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамдары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№ 120 токтомуменен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”;
- “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө”;
Талап кылынуучу документтер:
— талапкердин арызы
— Резюме
— Кадрлар б-ча өздүк баракча
— эмгек китепчесинен көчүрмө (нотариустан тастыкталган)
— өмүр баян
-сүрөт 1 даана 4х6
— паспорттун көчүрмөсү
— соттуулугу тууралу маалымкат
Талап кылынган документтер сайтка жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат.
Баткен району Таян айылы, Кыштут а/ө кеңсеси.
Байланыш тел. 0502 24 07 78, 0551 24 07 78.