УЛУК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР: Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим бардык профилдеги багыттар боюнча. Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем Эмес иш стажы; Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” КӨНДҮМДӨР: -Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон денгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; -компютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продукталарга (ворд,экзел) ээ болуу; КЕНЖЕ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР: Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку же атайын орто кесиптик билим бардык профилдеги багыттар боюнча. Иш стажы жана тажрыйбасы: – Стажына карата талап коюлбайт; Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. КӨНДҮМДӨР: Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; -компютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продукталарга (ворд,экзел) ээ болуу; КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛАТ: Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз; Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү; нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү; илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтерди көчүрмөлөрү (бар болсо); Паспорттун көчүрмөсү. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2023-жылдын 27-ноябрынан 05-декабрына чейин жүргүзүлөт. Дареги: Жалал-Абад областы, Майлуу-Суу шаары, Ленина көчөсү 135-а мэриянын имаратынын 316-кабинет байланыш телефону: 0554-31-00-31 Жазуулар боюнча багыттоо Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык административдик муниципалдык кызматынын орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН ЖАЛАЛ-АБАД РЕГИОНАЛДЫК БАШКАРМАЛЫГЫ Кадрлардын резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт