Мамлекеттик агенттикте Корея Республикасынын Өнүктүрүүгө расмий жардам (ODA) боюнча мониторингдик миссиясынын делегациясы менен жолугушуу өттү

2026-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинде Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнөн жана көз карандысыз эксперттерден турган Өнүктүрүүгө расмий жардам (ODA) боюнча мониторингдик миссиясынын делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга Агенттиктин Кадр саясаты башкармалыгынын начальниги Мыктыбек Омурзаков катышып, делегация өкүлдөрүн жылуу кабыл алып, Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы өнүктүрүү багытындагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик кеңешчиси Ли Е Сын мырза өз кезегинде жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, мониторингдик миссиянын максаттары, жүргүзүлүп жаткан иштер жана келечектеги кызматташуунун багыттары тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан «Сэмаыль Ундонг» долбоорунун учурдагы абалы, жетишкендиктери жана келечектеги өнүгүү багыттары талкууланды.

Тараптар долбоордун айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүүгө, жергиликтүү жамааттардын потенциалын жогорулатууга жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга кошкон салымын белгилешти. Ошондой эле долбоордун ийгиликтүү тажрыйбасын өлкөнүн башка аймактарына жайылтуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өтүп, тараптар Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

wpChatIcon
wpChatIcon