Эльчибек Джантаев JDS стипендиялык программасынын 20-топтомунун финалисттери менен жолугушууга катышты Бишкек шаары, 2026-жылдын 5-августу. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа (JDS) боюнча финалисттердин таанышуу визити болуп өттү. Жолугушуу Япониянын алдыңкы университеттеринде магистратура жана докторантура программалары боюнча билим алуу үчүн конкурстук тандоодон ийгиликтүү өткөн 20 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы үчүн уюштурулду. Иш-чарага төмөнкүлөр катышты: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Маматканов Улан Эркинович; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Джантаев Эльчибек Нуржадыевич; Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси ХИРАНО Рюити; Кыргыз Республикасындагы JICAнын туруктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү; JICE/JDS кеңсесинин өкүлдөрү. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар финалисттерди тандоо сынагынан ийгиликтүү өткөндүгү менен куттуктап, аларга окууда ийгиликтерди, кесиптик жактан өсүүнү жана алган билимдерин мамлекеттик секторду өнүктүрүүгө натыйжалуу пайдаланууну каалашты. Жолугушууда JDS программасы Кыргызстандын мамлекеттик кызматынын кадрдык потенциалын чыңдоонун маанилүү инструменттеринин бири экендиги белгиленип, ал Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы достук мамилелерди жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошуп келери айтылды. 2025-жылдагы конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча Японияга 20 адис жөнөтүлөт. Алардын ичинен 19 кызматчы магистратура программалары боюнча, ал эми 1 катышуучу докторантура программасы боюнча билим алат. Стипендия ээлеринин биринчи тобу жаңы окуу жылын баштоо үчүн 2026-жылдын 6-августунда Японияга жөнөп кетет. JDS программасынын 2025-жылдагы финалисттери: № Аты-жөнү Кызматы жана мекемеси Программа 1 Таштанбекова Диана Таштанбековна КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкы адиси Магистратура 2 Белекова Чынара Белековна КР Акыйкатчысынын аппаратынын эксперти Магистратура 3 Мамытов Сыймык Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасынын улук жардамчысы Магистратура 4 Жунусов Самат КР Башкы прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын улук прокурору Магистратура 5 Мэлсова Жылдыз Балыкчы шаарынын мэриясынын жетектөөчү адиси Магистратура 6 Асанбекова Нурзат КР Президентинин Администрациясынын эксперти Магистратура 7 Масаитов Бакытбек КР Мамлекеттик бажы кызматынын улук ыкчам кызматкери Магистратура 8 Кельдибекова Тоту КР Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Магистратура 9 Алиев Бекулан Ош шаарынын мэриясынын Финансы башкармалыгынын бөлүм башчысы Магистратура 10 Кулмурзаев Азамат КР Улуттук банкынын башкы экономисти Магистратура 11 Дюшебаева Айдай КР Финансы министрлигинин бөлүм башчысы Магистратура 12 Бактыбеков Данияр КР Финансы министрлигинин башкы адиси Магистратура 13 Суванов Руслан КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин сектор башчысы Магистратура 14 Каримов Нургазы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2-аймактар аралык башкармалыгынын начальнигинин орун басары Магистратура 15 Асыранкулова Перизат КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адиси Магистратура 16 Баймагамбетова Майра КР Президентинин Администрациясынын эксперти Магистратура 17 Кадырова Мырзайым КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жетектөөчү адиси Магистратура 18 Азаматов Болот КР Юстиция министрлигинин башкы адиси Магистратура 19 Кожогулов Чубак КР Энергетика министрлигинин жетектөөчү адиси Магистратура 20 Токташ Ширин Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы Докторантура Маалымат үчүн: JDS стипендиялык программасы Кыргыз Республикасында 2007-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде Япониянын өнүктүрүүгө расмий жардам берүү (ODA) программасынын алкагында ишке ашырылып келет. Бул убакыт аралыгында 300дөн ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы Япониянын алдыңкы окуу жайларында билим алышты. Программанын негизги максаты — мамлекеттик сектор үчүн өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн милдеттерин натыйжалуу чечүүгө жөндөмдүү, мамлекеттик реформаларды илгерилеткен жана Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого салым кошкон жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо болуп саналат. Жазуулар боюнча багыттоо Мамлекеттик агенттикте Корея Республикасынын Өнүктүрүүгө расмий жардам (ODA) боюнча мониторингдик миссиясынын делегациясы менен жолугушуу өттү