Мамлекеттик агенттикте 2026-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды 2026-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген жыйын өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы Азат Бакаев, аталган бөлүмдүн эксперттери, Агенттиктин директору Эльчибек Джантаев жана Агенттиктин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Айгюль Калчакеева катышты. Жыйынды Агенттиктин директору Эльчибек Джантаев ачып, биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштерге токтолду. Кеңейтилген жыйында Агенттиктин директорунун орун басары Барчынай Садирова санариптик өнүктүрүү, тестирлөө, кадрлар резерви, «Санарип аймак» жана e-Kyzmat системаларынын ишке ашырылышы боюнча баяндама жасады. Агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү багытында биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Ал эми Кадр саясаты башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Омурзаков мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, кадр саясаты, окутуу, эл аралык кызматташуу, укуктук камсыздоо жана мониторинг боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын сунуштады. Ошондой эле катышуучулар жүргүзүлүп жаткан реформалардын жүрүшүн талкуулап, орун алган көйгөйлөрдү, аларды чечүү жолдорун жана 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата артыкчылыктуу милдеттерди белгилешти. Жыйындын жыйынтыгында Агенттиктин алдыдагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары аныкталып, тиешелүү тапшырмалар берилди. Кеңейтилген жыйындын жыйынтыгында кызматтык ишиндеги жетишкендиктери, мамлекеттик кызматты өнүктүрүүгө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Агенттиктин бир катар кызматкерлери ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты. Жазуулар боюнча багыттоо Эльчибек Джантаев JDS стипендиялык программасынын 20-топтомунун финалисттери менен жолугушууга катышты