Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү белгиленди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик 2026-жылдын 22-июнунда 23-июнь – Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары — Гульнара Акимбаева жана Мирлан Жээнчороев, КР Президентинин администрациясынын тармактык кызматкерлери, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери, эл аралык жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эльчибек Джантаев мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасын өнүктүрүү, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана жетишилген натыйжалар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле өзүнүн үзүрлүү эмгеги менен айырмаланган кызматкерлерге мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар тапшырылды. Иш-чаранын алкагында ардактуу коноктордун куттуктоо сөздөрү айтылып, маданий программа тартууланды жана жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды. Жазуулар боюнча багыттоо Коррупцияга жол жок