Мамлекеттик кадр кызматында Б.Ельцин атындагы кыргыз-орус Славян университетинин юридикалык факультетинин бүтүрүүчү курсунун студенттерине жана магистранттарына Ачык эшик күнү өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында 2021-жылдын 26-мартында Б.Ельцин атындагы кыргыз-орус Славян университетинин юридикалык факультетинин бүтүрүүчү курсунун студенттерине жана магистранттарына Ачык эшик күнү өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты болуп КР Мамлекеттик кадр кызматынын тестирлөө борборунун жана кадр тандоо тутумунун ачык-айкындуулугун камсыздоо саналат.

Мониторинг жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Садыгүл Алымкулова алгач студенттерди жылуу кабыл алып, мамлекеттик кызматка болгон кызыгууларына ыраазычылыгын билдирип, студенттерге мамлекеттик кызматтын негизи болуп саналган мамлекеттик кызматка өтүү жана өтөө тартиптери, Мамлекеттик кадр кызматынын ишмердүүлүгүнүн негизги приоритеттүү багыттарын айтып берди.

Соңунда КР Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери иш-чаранын катышуучуларынын бүйүрүн кызыткан бардык суроолоруна жооп беришти.

Иш-чаранын негизги максаты болуп КР Мамлекеттик кадр кызматынын тестирлөө борборунун жана кадр тандоо тутумунун ачык-айкындуулугун камсыздоо саналат.