Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчилиги Ханнс Зайдель Фондунун борбордук кеңсесинин өкүлдөрү менен жолугушту

2020-жылдын 18-февралында Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчилигинин жана Ханнс Зайдель Фондунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

МКК директорунун орун басары О.С.Тарбинский өзүнүн сөзүндө Ханнс Зайдель Фондунун Кыргыз Республикасында 2002-жылдан тартып магистердик программаларды жана квалификацияны жогорулатуу курстарын ишке ашырып келе жаткандыгын белгилеп кетти. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасынын кадрдык потенциалын жогорулатуу үчүн олуттуу салым кошуп жаткандыгы үчүн Ханнс Зайдель Фондуна жана анын өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде аталган Фонддун өкүлдөрү Фонддун негизги принциптерин жана багыттарын белгилеп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын потенциалын жогорулатууга жана мындан ары кызматташтыкка даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушууда МКК директорунун орун басары К. К. Алышбаев, Кыргыз Республиканын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору А. Т. Баймулдинова, Ханнс Зайдель Фондунун Борбордук Азиядагы долбоордун жетекчиси доктор Макс Георг Майер жана Ханнс Зайдель Фондунун башкы кеңсесинин Түндүк-Чыгыш жана Борбордук Азиядагы офисинин жетекчиси доктор Изабель Харбрехт айым катышты.

МААЛЫМ КАТ: Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун өкүлчүлүгү (мындан ары – ХЗФ) “Борбордук Азиядагы мамлекеттик башкаруунун натыйыжалуулугун өнүктүрүү» аттуу долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун максаты – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу,

кошумча кесиптик чөйрөсүндө окутуу программаларын ишке ашыруу, жергиликтүү деңгээлде парламентаризмди өнүктүрүү, ошондой эле КРПМБАнын институттук потенциалын жогорулатуу. ХЗФнын магистердик программаларында стипендиат катары мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар окуп келүүдө. Окуу 1 жылдан 2 жылга чейин созулат. Азыркы күндө биргелешкен программалардын бүтүрүүчүлөрдүн жана стипендиаттардын саны 220 стипендиатты жана 1849 бүтүрүүчүнү түзөт.