КР Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары О.Тарбинский БУУнун Жогорку Комиссарынын Борбор Азиядагы адам укугу боюнча Башкармалыгы менен маектешти

Кечээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку Комиссарынын Борбор Азиядагы адам укугу боюнча Башкармалыгына маек берди. Дүйнөдөгү болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу маектешүү онлайн форматында өттү.

Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары БУУнун Жогрку Комиссарынын Башкармалыгынын бардык кызыктырган суроолоруна жооп узатты. Суроолор негизинен мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы сыноо стажын өтүүчү жарандардын фундаменталдуу укуктары боюнча болду.

О.Тарбинский мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы сыноо стажынан өтө турган жаш адистер үчүн иштелип чыккан Программанын маанилүүлүгүнө токтолду Анын оюу боюнча, бул программа адамдарга абдан жакшы жардамын берет, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат – алардын келечеги экендигин иш жүзүндө көрсөтө алат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка өтөм деген потенциалдуу талапкерлер келечектеги алардын жумушу кандай болот, кандай талаптар алдыга коюлат жана эл алдында эбегейсиз зор жоопкерчилик менен иш алып баруу керектигин түшүнүү зарыл.

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жаш адистердин сыноо стажы боюнча программа бизге жолун улануучулук жана туруктуулук багытында жардам берет. Ар бир сыноо стажын өтүп жаткан адистин жанында тажрыйбалуу насаатчы болот, ал өзүнүн билимин, бай тажрыйбасын жаш адиске берет. Быйыл, биз мамлекеттик башкаруу органдарына насааатчылык жана сыноо стажы боюнча жобо иштеп чыгууну пландап жатабыз”, — деп кошумчалай кетти Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары.

КР Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы