Мамлекеттик кадр кызматынын башкы адиси Жанара Иманалиева «Азаттык» үналгысынын түз эфирине катышты

10-мартта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын уюштуруу иштери жана карьералык пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Жанара Иманалиева «Азаттык» үналгысынын кезектеги түз эфирине катышты. Түз эфирде кадр даярдоодогу жаралып жаткан кризисттер жана аларды болтуртпоого багытталган чаралар тууралуу кеп козголду. Түз эфирге Мамлекеттик кадр кызматынын башкы адисинен тышкары Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы директору, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев жана коомдук ишмер Чолпонкул Арабаев катышышты. Түз эфирде айрыкча Улуттук резервдин тегерегинде жаралып жаткан жагдайлар талкуу чордонунда болду.

«2016 — жылы мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандан соң мына үч жылдан бери Улуттук кадр резерви куралып жатат. Учурда Улуттук кадр резервинде 51 резервист бар. Акыркы эки жыл ичинде 15 резервист ар кайсы кызматтарга дайындалган. Алардын төртөөсү жогорку кызмат статс-катчынын ордуна дайындалды.

Мамлекеттик кадр кызматында дайындоо функциясы жок, биз резервистерди конкурс аркылуу бош кызматтык орундарга электрондук почталарына маалымат берип, жарыя кылып турабыз. Алар конкурска катышып, жогорку упай топтогондор гана бош кызматтарга талапкерлиги көрсөтүлөт» — деди Мамлекеттик кадр кызматынын уюштуруу иштери жана карьералык пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Жанара Иманалиева.

https://www.facebook.com/azattyk.org/videos/534525273864056/