Мамлекеттик кадр кызматын Абдырахман Маматалиев жетектейт Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун 2020-жылдын 22-октябрындагы Буйругуна ылайык Маматалиев Абдырахман Мадакимович Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалды. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрү Мамлекеттик кадр кызматынын эмгек жамаатына Абдырахман Маматалиевди жаңы директор катары тааныштырышты. КР Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын тестирлөө бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Ибраева: “Сынак-Тестирлөөнүн” башкы максаты – мамлекеттик жана муниципалдык кызматты жогорку профессионалдуу, мыйзамдарды эң жакшы деңгээлде билген, кесипкөй, мыкты кадрлар менен камсыздоо болуп саналат” Абдырахман Маматалиев: “Башкы максатым – Мамлекеттик кадр кызматынын ишин жакшыртуу!”