МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТА ЭТИКА ЖАНА УЛУТТУК НАРК
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмүнүн демилгеси менен Агенттиктин кызматкерлери үчүн кызматтык этика жана улуттук нарк баалуулуктарына арналган семинар өткөрүлдү.
Иш-чарада мамлекеттик кызматтын негизги маңызы — мамлекетке жана элге кызмат кылуу экени белгиленип, кызматтык этиканын нормаларын сактоо жана улуттук баалуулуктарды заманбап мамлекеттик кызматтын принциптери менен айкалыштыруу маселелери талкууланды.
Семинарда уят, абийир, ар-намыс, адилеттүүлүк, жоопкерчилик, улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо, ынтымак сыяктуу улуттук нарктын түшүнүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле кызматкерлердин бири-бирин урматтоосу, тажрыйба бөлүшүүсү, билбеген нерсени суроодон тартынбоосу, убакытка так болуу, санариптик жана баарлашуу маданиятын сактоо, жарандарга кайрылган тилине жараша жооп берүү сыяктуу практикалык маселелер боюнча сунуштар берилди.
Мамлекеттик кызматтагы кесипкөйлүк — билим жана тажрыйба менен гана эмес, адамгерчилик, адеп, абийир жана жоопкерчилик менен да өлчөнөт.
Семинардын соңунда кызматкерлердин суроолору талкууланып, пикир жана тажрыйба алмашуу болду.
wpChatIcon
wpChatIcon