ЭЛЬЧИБЕК НУРЖАДЫЕВИЧ, «ДАҢК» ОРДЕНИҢИЗ КУТ БОЛСУН!
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун Жарлыгынын негизинде, мамлекеттик кызматты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана кесиптик ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эльчибек Нуржадыевич Джантаев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы — «Даңк» ордени менен сыйланды.
Бул — көп жылдык эмгекке, мамлекеттик кызматка берилгендикке жана мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымга берилген жогорку баа.
Эльчибек Нуржадыевичтин мамлекеттик кызматтагы жолу өзгөчө урматтоого татыктуу. Кызматтын төмөнкү баскычтарынан баштап, мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин тажрыйба жана эмгек менен басып өтүп, бүгүн мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагын жетектеп келет.
Кесипкөйлүгү, принципиалдуулугу, талапчылдыгы жана адилеттүүлүгү менен айырмаланган жетекчи катары кесиптештеринин ишенимине, элдин урматына ээ болуп келе жатат. Ошол себептен анын жетекчилик сапаттары жаш мамлекеттик кызматкерлер үчүн да үлгү жана өрнөк боло алат.
Айрыкча Ош жергесинде эмгектенген жылдары эл менен тыгыз иштешип, аймактын көйгөйлөрүн жеринен билген, мамлекеттик башкаруу менен элдин ортосунда ишенимдүү байланыш түзө алган жетекчи катары таанылды.
Мамлекеттик кызматта туруп жогорку мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болуу — чоң сыймык менен катар чоң жоопкерчилик. «Даңк» ордени — Эльчибек Нуржадыевичтин көп жылдык эмгегине жана мамлекетке кылган ак кызматына берилген татыктуу баа.
Урматтуу Эльчибек Нуржадыевич!
Сизди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы — «Даңк» ордени менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Сизге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, жооптуу мамлекеттик ишиңизде жаңы ийгиликтерди жана бийик жетишкендиктерди каалайбыз.
Эл үчүн кылган эмгегиңиздин үзүрү артып, мамлекеттик кызматтагы кадыр-баркыңыз мындан ары да бийиктей берсин!
wpChatIcon
wpChatIcon