02.08.2023.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча кеңешме-жыйын өткөрүлдү

Кеңешме-жыйынды Агенттиктин директору -Карыпбеков Улан Кадырсултанович ачты.

Иш-чарага, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы –Джунушалиев Айбек Жанышбекович жана Шамеев Азамат Султанович, Исаев Миргазы Маратовичтер катышты.

Мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу багытындагы 2023-жылдын I жарым жылдыгындагы Агенттиктин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө директордун орун басары А.А. Аттокуров,  Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү багытындагы 2023-жылдын I жарым жылдыгындагы Агенттиктин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө директордун орун басары М.К. Байдылдаев маалымат беришти.

Андан соң суроо, жоопторго кезек берилип жетишкендиктер менен кемчиликтер ортого салынды. Джунушалиев Айбек Жанышбекович тарабынан Агенттиктин ишмердигине байланышкан бир катар маселелерди чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Кеңешме-жыйынды жыйынтыктап жатып жетекчи У.К. Карыпбеков “Белгилеген кемчиликтерди, сунуштарды эске алып, аларды аткарууга эмгек тартибин күчөтүү боюнча аракеттер жумшаларын жана кеңешме-жыйында  кабыл алынган чечимдерди аткаруу боюнча Агенттиктин жетекчилиги тарабынан чаралар көрүлөрүн билдирди”.