KOICA программасынын стипендиаттарынын 8-тобу, магистр даражасын алуу үчүн Түштүк Кореяга окууга барышат
Бүгүн, Ж. Абдрахманов ат. Мамлекеттик башкаруу Академиясында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору У. К. Карыпбеков ар түрдүү тармактар боюнча алдыңкы кореялык университеттерге окууга бара турган KOICA 2023 программасынын стипендиаттары менен жолугушту.
Стипендиялык программанын максаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунун кызматчыларына Түштүк Кореяда магистратура жана докторантурада окууга мүмкүнчүлүгүн берүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы А.Дж. Жунушалиев, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ мырза жана КРдагы KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Ли Жонгсу Мырзалар куттуктоо сөз сүйлөштү. Алар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматында адам ресурстарын жана кесипкөйлүктү өнүктүрүү, ошондой эле 30 жылдык мааракесин белгилеген Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо үчүн бул стипендиялык программанын маанилүүлүгүн жана чын жүрөктөн колдой тургандыктарын билдиришти.
Программанын негизги талаптары болуп англис тилин билүү жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн мамлекеттик кызматта эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуусу кажет. Стипендиялык программага тандоо дүйнө жүзү боюнча, 69 мамлекеттин арасында жана бир нече этаптардан турат.
Стипендиялык программа KOICA катышуучулардын бардык чыгымдарын камтыйт, анын ичинде аба каттамы, жатакана жана ай сайын стипендия берүү каралган.