МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ ЯПОНИЯНЫН ЖАРДАМЫ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын финансы министрдин орун басары Р.С.Татиков, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года мырза, Япониянын Өкмөтү жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки мырзанын ортосундагы JDS долбоору боюнча Алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

 

Кол коюу аземине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары А.А.Аттокуров жана Жогорку Кеңештин депутаты Т.А.Масабиров катышты.

 

Япония Өкмөтү Кыргызстандын Министрлер Кабинетине “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча” стипендиялык программанын (JDS) долбоорун ишке ашырууга 2,26 миллион доллар өлчөмүндө акысыз жардам көрсөтөт.

 

Министрдин орун басары Р.С.Татиков бул долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи, анткени долбоорду ишке ашыруунун натыйжасы кадрлардын жогорку квалификациясын көрсөтөт, ал мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер өлкөнүн жогорку кызматтарын ээлешет.

 

JDS Долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кадрларды даярдоо боюнча саясатын колдоо жана Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына Япониянын университеттеринен магистр, доктор даражаларын алуу мүмкүнчүлүгүн берүү болуп саналат