АГЕНТТИКТИКТЕ «Е-КЫЗМАТ» МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ЖУМУШЧУ ЖОЛУГУШУУСУ БОЛДУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы буйругу менен бекитилген 2022-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планынын 80-пунктун ишке ашыруунун алкагында 2022-жылдын 699-р.бөлүм «е-кызмат» техникалык оператору менен биргеликте «Пайдалануучунун электрондук жеке кабинети»маалыматтык системасын иштеп чыгуу боюнча иш алып барылууда.
Агенттиктин Электрондук башкаруу бөлүмү тарабынан, мындан аркы аракеттерди макулдашуу жана иштелип жаткан системага карата сунуштарды жана сын-пикирлерди чогултуу максатында агенттиктин кызыкдар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу уюштурулду.
Жыйынга директордун орун басары -А. А Аттокуров, Башкармалыктын башчысы Н. А Жамангулова, Пресс-катчы С. Р. Босумбаев, Бөлүм башчылар: Б. З. Садирова А. А. Асыкбаева, А. А. Абдыкулова, Б.С.Усеналиева, Т. А. Бекмурзаева, Ү.Т. Темурмаликова. Башкы адистер: А. Э. Окенова, А.Ш. Жумабекова, Адис: Б. К. Кеңешбеков ж.б. катышты.
Ошондой эле, тармактык бөлүм тарабынан аткарылуудагы иштер менен пландар презентацияланып, катышуучулар ой-пикирлер айтып, сунуштарын беришти.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө системанын долбоорлонгон дизайнын толуктоо боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүп жатат.