Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:

-Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
-18 жаштан жогору болууга;
-Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

Башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама.

 

Улук административдик муниципалдык кызмат орундарына талапкерлер үчүн:

– тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим; – жогорку билим жана  бакалавр, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча

 

Улук административдик муниципалдык кызмат орундарына талапкерлер үчүн:

– тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим;
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес стаж же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

Кесиптик компетенттүүлүккө коюлуучу талаптар:

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
– маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– жамаатта натыйжалуу иштөө;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын натыйжалуу пайдалануу;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык камсыздоолорду билүү.

Сынакка катышууну каалаган жарандар төмөнкү документтерди тапшырышат:

1.жеке арыз;

  1. сүрөтү тиркелген резюме (байланыш телефондору жана электрондук почтасы көрсөтүлөт);
  2. өздүк таржымал;
    4.билимин тастыктаган дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
    5.эмгек китепчесинин нотариалдык же кадр кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (эгер бар болсо);
    6.илимий даража же илимий наам жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (эгер бар болсо);
    7.паспорттун көчүрмөсү.

Документтер «Конкурска» деген жазуусу бар папкада тапшырылууга тийиш.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген же толук эмес документтерди тапшырган жарандар сынакка катышууга жол берилбейт.

Документтер жарыя жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат.

Документтерди төмөнкү дарек боюнча тапшырууга болот:

Баткен облусу, Кадамжай району, Молдо Нияз айыл өкмөтү.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 0223445442