23.05.2022.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Э.Н. Джантаев Ысыккөл обулусуна иш сапарга барды.

Иш сапардын жүрүшүндө, Жети-Өгүз районунун, Кызыл-Суу айылынын базасында өтүүчү “Мыкты айыл өкмөтү”  республикалык кеңешме- семинарга карата көрүлүп жаткан даярдыктар менен жеринде таанышып келди.

“Мыкты айыл өкмөтү”  республикалык долбоору 2014- жылдан бери уюштурулуп келет. Салтка айланып калган долбоордун жыйынтыгы айыл өкмөттөрдүн бир жылдык жасаган иштеринин натыйжасы жана аракеттеринин негизинде атайын өкмөттүк комиссиянын кароосунда талкууга алынып жеңүүчүлөр аныкталат. Жеңүүчүлөр алдыңкы алты номинация менен утушка жетишет. Ошондой эле акчалай сыйлыктардын  сертификатына ээ боло алышат.

Аталган долбоордун алкагында өтүүчү иш- чаралар ушул жылдын жай мезгилине, тагыраагы июнь айында Кызыл-Суу айыл өкмөтүнөн тышкары Ош облусунун Алай районуна караштуу, алыскы Гүлчө айылында дагы өтмөкчү.