Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
  4. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  7. «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  8. «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  9. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  11. “КР мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн предметтик мыйзамдар;

  1. Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин”;
  2. Кыргыз Республикасынын “Суу кодексин”;
  3. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
  4. Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”;
  5. Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодекси”;
  6. Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы;
  8. Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
  9. Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жөнүндө” Мыйзамы;
  10. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;
  11. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар;

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  6. «КР мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн предметтик мыйзамдар;

  1. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
  2. Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;
  3. Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын;
  4. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодексин;
  5. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”;
  6. Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө”;
  7. Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө»
  8. Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Башкы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

1) Жогорку билим (баардык багыттагы);

2) Иш стажы жана тажрыйбасы;

– Жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар;

1) Баардык багыттагы жогорку билим:

– Улук кызмат орундары –  жогорку билим;

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү жана төмөнкүлөрдү билүү:

– Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Билгичтиги:

Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

Аналитикалык документтерди даярдоо;

Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

Эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

 

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, Санарип, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы).

Конкурска катышууну каалаган адамдар мамлекеттик “e-Kyzmat” порталындагы жеке кабинет аркылуу (https://kyzmat.gov.kg/kgэлектрондук форматта өтүнмөнү, белгиленген талаптарга туура келген электрондук документтерди жана маалыматтарды жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде тапшыруу керек

– Өзүнүн арызы;

– Резюме (электрондук почтаны корсотуу менен), өздүк таржымал

– Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– Паспорттун көчүрмөлөрү;

– Соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат;

Эскертүү: Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке   жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

 

 

wpChatIcon
wpChatIcon