1. Баетов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысына коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-А).

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— Тийиштүү багыттагы жогорку билим (баардык багыттагы);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— Жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндөгү Конституциялык мыйзамы”;

Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин”;

Кыргыз Республикасынын “Суу кодексин”;

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;

Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”;

Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жонундо Кодекси”;

Кыргыз Республикасынын Эмгек  кодекси»;

Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын  “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын“Жамааттар жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын«Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы №212 “Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү   тартибин   бекитүү     жөнүндө” Токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын   6-майындагы  №213 Жарандык   коргонуу  жаатындагы  эскертүүлөрдү  берүүнүн  тартиби  жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы №219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому;

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун билуусу зарыл.

Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Адам ресурстарын башкаруу жаатында;

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

—    билгичтиги:

— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

— түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;

— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

— коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө;

— өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;

— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

— көндүмдөрү:

Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

Түзүмдүк бөлүмдүбашкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуубөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

Маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

Натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди  делого тиркеп  тапшыруу  керек (делонун сыртына толук  аты-жөнү, байланыш номерлери, электрондук почта  дареги көрсөтүлсүн):

  • Жеке арыз;
  • паспорттун  көчүрмөсү;
  • резюме ( сүрөтү, электрондук почтаны көрсөтүү менен);
  • нотариус же  акыркы иштеген жери  боюнча  күбөлөндүрүлгөн  негизги жана кошумча  билимин (бар  болсо)  тастыктаган документтердин  көчүрмөлөрү;
  • нотариус же  акыркы иштеген жери  боюнча  күбөлөндүрүлгөн эмгек китепченин  көчүрмөсү ( иш стажысы  бар балсо)
  • илимий даражаны   жана  илимий наамды  ыйгаруу  жөнүндө  документтердин көчүрмөлөрү ( бар  болсо);
  • соттуулугу бар  же  жок экендиги  жөнүндө  маалыматы.

 

Сынакка катышуу  үчүн документтердин  топтомун Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчы  А.Молдалиевага тапшыруу  зарыл.

Дареги: Ак-Талаа  району, Баетов  айылы, А.Султаналиев №56 (Баетов айыл өкмөтү).

Документтерди тапшыруу  мөөнөтү: 2025-жылдын 4-июлуна чейин 14-июлуна саат 18.00гө  чейин  кабыл  алынат.

Сурап билүү  телефондору: 0701 101-007

     

Эскертүү:    белгиленген  талаптарга жооп  бербеген  документтерди  жана

маалыматтарды  берген  жарандарга конкурска  катышууга жол  берилбейт.