Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн улук административдик муниципалдык кызмат орундарына коюулуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
3. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы;
4.”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
5.”Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү
нускама.
7.”Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн предметтик мыйзамдар:
1. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”
2. Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”
3.Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” кодекси, Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, Кыргыз
Республикасынын”жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын;
4. Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”;
5.Кыргыз Республикасынын “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка
категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү
жөнүндө” Мыйзамы;
6.Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы

Улук административдик муниципалдык кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
– тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим ;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word,
ExceI, Санарип,СЭД, маалыматтык укуктук системасы)

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага көктөп тапшыруу керек:
-өзүнүн арызы;
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал, (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен)
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билими (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
-Илимий даражаны жана илимий наамы (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
-паспорттун көчүрмөсү;

Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

Документтерди кабыл алуу Ак-Талаа районундагы Баетов айыл өкмөтүндө кулактандыруулар жарыяланган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө кабыл алынат.