1.Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»; «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. «Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 1.Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн предметтик мыйзамдар; Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Суу кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодекси”; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар; Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. «Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн предметтик мыйзамдар; Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын; Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодексин; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”; Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Башкы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар 1) Жогорку билим (баардык багыттагы); 2) Иш стажы жана тажрыйбасы; – Жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы. Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар; 1) Баардык багыттагы жогорку билим: – Улук кызмат орундары – жогорку билим; 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенттүүлүгү жана төмөнкүлөрдү билүү: – Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – Билгичтиги: Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; Аналитикалык документтерди даярдоо; Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; Эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – Көндүмдөрү: Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, Санарип, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы). Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага көктөп тапшыруу керек: – Өзүнүн арызы; – Резюме (электрондук почтаны корсотуу менен), өздүк таржымал – Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – Паспорттун көчүрмөлөрү; – Соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат; Документтерди кабыл алуу Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айыл өкмөтүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып, он күндүк мөөнөттө кабыл алынат. Эскертүү: Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт жана документтери кайтарылбайт. Жазуулар боюнча багыттоо Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарына ички кадрлар резервин толуктоо максатында, ваканттык орундарды түзүү боюнча ачык сынак жарыялайт