Башкы административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
  4. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  7. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  8. «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  9. «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  10. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  12. 12. «Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

Башкы административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн предметтик мыйзамдар;

  1. Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин”;
  2. Кыргыз Республикасынын “Суу кодексин”;
  3. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
  4. Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”;
  5. Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодекси”;
  6. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси»;

7.«Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын Этика жөнүндө”  Кодекси

  1. Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  7. КРнын “Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”Мыйзамы

 

Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар;

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  6. «Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн предметтик мыйзамдар;

  1. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
  2. Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;
  3. Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»,                                                        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын;
  4. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодексин;
  5. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”;
  6. Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө”;
  7. Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө»
  8. Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  4. «Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн предметтик мыйзамдар;

  1. «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  2. КР Үй-бүлөө кодексин, КР Балдар кодексин, КР “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ” Мыйзамын, КРӨнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №823-токтому менен бекитилген Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобосун, КР “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө” Мыйзамын. КР Салык кодексин, КР Бюджеттик кодексин,  КР “Бейсалымдык жыйымдар жөнүндө” Мыйзамы, КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын. КР КР “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергиктуу өз алдынча башкаруу жөнүндө”,  КР “Жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жана  альтернативдик кызматты өтөө жөнүндө” Мыйзамын. КР Жер кодексин, КР Турак-жай кодексин, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамды;

 

Башкы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

1) Жогорку билим (баардык багыттагы);

2) Иш стажы жана тажрыйбасы;

— Жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

 

Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар;

1) Баардык багыттагы жогорку билим:

— Улук кызмат орундары —  жогорку билим;

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

Кенже кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— Кенже кызмат орундары —  жогорку билим;

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— Иш стажына талап коюлбайт;

 

Кесиптик компетенттүүлүгү жана төмөнкүлөрдү билүү:

— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Билгичтиги:

Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

Аналитикалык документтерди даярдоо;

Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

Эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

 

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, Санарип, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы).

 

Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага коктоп тапшыруу керек:

— Өзүнүн арызы;

— Резюме (электрондук почтаны корсотуу менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— Паспорттун көчүрмөлөрү;

 

Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

Документтерди кабыл алуу Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө кабыл алынат.