Улук кызмат ордуна коюулуучу квалификациялык талаптар: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тийиштүү багыттагы жогорку билим жана атайын орто кесиптик билими (ветеринардык, зооветеринардык багыты); 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»; Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароот артиби жөнүндө» мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: 1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөгү Конституциялык мыйзамы; 2. Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамы; 3. Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндө” мыйзамы; 4. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы; 5. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдыны жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобо; 6. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтык жана муниципалдык кызматтык стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо; 7. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө жобо; Адам ресурстарын башкаруу жаатындагы; Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди; билгичтиги: Иштин артыктылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; Түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү; Башкаруучулук ченемдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; Кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү; Алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; Өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүнишин натыйжалуу пландаштыруу; Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; Чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; көндүмдөрү: аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ордосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын методдорун издөө); маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажырыйбада колдоно билүү; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу; компьютердик жана уюштуруу техниканы керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү; Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн: Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продыктыларды билүү (Word,Excel, санарип, СЭД, маалыматтык укуктук системасы). Сынакка катышуу конкурсанттар “Е-Kyzmat” (https://kyzmat.gov.kg/ )мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө арыз бере алышат. Арызга электрондук форматтагы төмөнкү документтер (сканерленген документтер) тиркелүүгө тийиш: – талапкердин жеке арызы; – резюме (электрондук почтаны, ПИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү; – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө талапкердин макулдугу. Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт. Конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 күндүн ичинде кабыл алынат. Кошумча маалымат үчүн Кум-Дөбө айылы, О.Алиев көчөсү № 81 дареги боюнча Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө кайрылыңыздар. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык улук кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт