Башкы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар
1) Тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономика, социалдык жана гуманитардык илимдер, юриспруденция, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, автоматташтыруу жана башкаруу, жол жана техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштуруу жана гидрометерология, архитектура жана курулуш, токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү, геология,
экология, чалгындоо жана кендерди иштетүү багытындагы);
2) Иш стажы жана тажрыйбасы;
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
– Төмөндөгүлөрдү билүү Жалпы мыйзамдар:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) “КР мамлекеттик тили” жөнүндө Мыйзамы;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзмадар
1) Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
2) Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”;
3) Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”;
4) Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин”;
5) Кыргыз Республикасынын “Суу кодексин”;

Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар;
1) Тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономика финансы, социалдык жана гуманитардык илимдер, юриспруденция, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, автоматташтыруу жана башкаруу, тейлөө сферасы жана коомчулук менен байланыш, жол жана техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштуруу жана гидрометерология, архитектура жана курулуш, токой
ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү, геология, экология, чалгындоо жана кендерди иштетүү багытындагы);

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү
кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
– Төмөнкүлөрдү билүү Жалпы мыйзамдар:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “КР мамлекеттик тили” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:
1) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө Конституциялык Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары жөнүндө” Мыйзамы ;
3) Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоонун убактылуу тартиби”
4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” № 149 Мыйзамы;

Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу:
электрондук форматта  төмөндөгү документтерди тиркеп(сканерленген документтер), өтүнмө берет;

-Өзүнүн арызы;
-Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтер
-Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчеси
-Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтер
-Паспортун

Жөнөтүлгөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

Документтер конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 2026-жылдын 27-июлуна чейин кабыл алынат

wpChatIcon
wpChatIcon