Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн социалдык өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, инвестиция тартуу боюнча финансы- экономикалык  бөлүмүнүн башчысы –кызмат оорунда коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-А)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, тейлоо сферасы);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенциялары:

— төмөнкүлөрдү билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

4) «жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) «мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7) «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

8) «Маалыматка жетүү укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;».

9) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама 3-март 2020 № 120;

11) Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө»Мыйзамы. Улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу (жалпы мыйзамдарды билүүгө) ченемдик укуктук актылардын тизмеси

12) Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

13) Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;

14) Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”;

15) Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;

16) Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жонундо Кодекси”;

17) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын;

билүүсү зарыл.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

 

— билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, Санарип, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы).

 

Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага коктоп тапшыруу керек:

— Өзүнүн арызы;

— Резюме (электрондук почтаны корсотуу менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— Паспорттун көчүрмөлөрү;

 

Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

Документтерди кабыл алуу Нарын районундагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө кабыл алынат.