Ноокат райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадралар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт. 1. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат : – Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсүн (иш стажы бар болсо); – Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – Паспорттун көчүрмөсү; 2. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек : 1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн : Кесиптик билим деңгээли : Жогорку билим :Гуманитардык илимдер:.Экономика жана башкаруу ; Социалдык илимдер ; Педагогикалык билим берүү ; Табигый – илимий билим берүү ; Техникалык илимдер. – Иш стажына талаптар коюлбайт; 2.Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн : Кесиптик билим деңгээли : Жогорку билим; Гуманитардык илимдер:.Экономика жана башкаруу ; Социалдык илимдер ; Педагогикалык билим берүү ; Табигый –илимий билим берүү ; Техникалык илимдер. – Иш стажы жана тажрыйбасы : -жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик кызматта же кесиби боюнча үч жылдан кем эмес эмгек стажы ; 3. Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн : – Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү ; – Компьютердик сабаттулук жана керектүү прогораммалык продуктыларды билүү ; 4. Жөндөмдүүлүгү : – Социалдык маселелерди талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат өндүрүү ; – электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү ; – издөө системаларын колдонуу; – ар кандай браузерлер менен иштөө ; -презентацияларды уюштуруу ; – маалыматтарды таблицалар,диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү ; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдаланууга; – кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү; Көчүрмө аппараттар, принтер,сканер,проектор же интерактивдүү такта,факс. Негизги тестирлөө үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү : 1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама . – Тийиштүү кызмат орду боюнча мыйзамдарды билүүсү зарыл ll.Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн; – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө; – Кыргыз Республикасынын мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; – Тийиштүү кызмат орду боюнча мыйзамдарды билүүсү зарыл Документтер жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Ноокат шаары Ленин көчөсү -12 Ноокат райондук эмгек , социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору 0(3230)5-01-87-,0553-12-06-05 Жазуулар боюнча багыттоо Алай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү