1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим – Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика багыттары боюнча. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси; Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди; – Билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – Көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Конкурска катышуу үчүчн талап кылынуучу документтер: 1.Өздүк арыз 2.Өздүк баракча – 1 даана 3.3Х4 өлчөмүндөгү сүрөт -4 даана 4.Эмгек китепчесинен көчүрмөсү (нотариалдык жактан жактан тастыкталган) 5.Паспорттун көчүрмөсү 6.Резюме 7.Дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан жактан тастыкталган) 8.Өмүр баян (соттолгондугун же соттолбогондугун көрсөтүү менен) Талапкер тиешелүү документтерди Ой-Тал айыл өкмөтүнө жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алат. Дареги: Кара-Кулжа району Ой-Тал айыл өкмөтү, Ой-Тал айылы. Байланыш телефону: 0559-232-522,0776-507-468 Жазуулар боюнча багыттоо Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы улук жана кенже административдик кызмат орундарына конкурс жарыялайт. Департамент регистрации населения и актов гражданского состояния при Министерстве цифрового развития Кыргызской Республики