Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын административдик
кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү боюнча сынак жарыялайт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер:
 конкурстук комиссиянын төрагасынын атына телефон номерин көрсөтүү менен
жеке арызы;
 резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар
же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
 паспорттун көчүрмөсү (оригиналы конкурска киргенде көргөзүлөт);
 дипломдун көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан
күбөлөндүрүлгөн);
 эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат
тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
 билимин жогорулаткандыгын тастыктаган документтери;
 Дело (документтер үчүн)
Документтер 2023-жылдын 14 — декабрь күнү саат 18-00го чейин, Ош шаарынын
Сай-бою 5 көчөсүндөгү Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын
кеңсесинде кабыл алынат. Тел.: 4-80-35,0997 35 35 83
Коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербеген жарандар конкурска
катышууга жолдомо ала алышпайт.
Конкурстун өтүү күнү жана орду тууралуу кошумча маалымдалат.
Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын административдик кызмат
орундарынын топторуна квалификациялык талаптар
1. Жалпы жоболор
1.1. Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын административдик
кызмат орундарынын топторуна квалификациялык талаптар (мындан ары –
Квалификациялык талаптар) “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат
жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты;
1.2. Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы (мындан ары — Башкармалык)
функциялар же кызмат ордунун функциялык милдеттери өзгөргөн учурда жүргүзүлөт;
1.3. Кошумча Квалификациялык талаптар Башкармалыктын адистештирилишин
жана конкреттүү кызмат ордунун функциялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматтык
милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берүүчү билгичтигинин жана
көндүмдөрүнүн деңгээлинде кесиптик компетенцияларга талаптарды катмыйт;
1.4. Бардык административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы
мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламенттөөчү
мыйзамдарды билүүгө милдеттүү талаптар белгиленет.
1. Ош облусунун дене тарбия жана спорт башкармалыгынын
начальнигинин орун басарына (Б–Б)
коюлуучу квалификациялык талаптар –
1.1. Кесиптик билимдин денгээли:
 Жогорку билим (дене тарбия жана спорт адистигине артыкчылык берилет);
1.2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
 Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы үч
жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стаж;
3.3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
 Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
«Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык
Мыйзамы;, Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;, Кыргыз Республикасынын
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;,
Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»
Мыйзамы;, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жөнүндө» Мыйзамы;, Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын
кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы;, Кыргыз
Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2020 – жылдын 3–мартындагы №120 токтому менен
бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
 Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин;
Жаш балдардын укугу жөнүндө конвенцияны;, Кыргыз Республикасынын
Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодексин”;, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамын;, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамын;, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” Мыйзамдарын
билүү.
“Кыргыз Республикасынын балдар–өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык
резервдеги адистештирилген балдар–өспүрүмдөр мектеби, балдар–өспүрүмдөр спорттук–
адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар–өспүрүмдөр мектеби
жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомун 30.05.2011–ж. №264;, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө
жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомун 26.08.2008–ж. №471;,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак–аштын
акчалай нормалары жөнүндө” токтомун 15.01.2008 №7; Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана
ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү
мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомун
3.06.2014–ж.№303;, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Дене тарбия жана спорт
объектеринин Республикалык реестри жөнүнүндө Жобону бекитүү туралуу” токтомун
22.01.2013–ж.№25;, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын
жетектөөчү спортсмендердин стипендиясы жөнүндө” токтомун 23.08.2011–ж.№492;,
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана
муниципалдык кызматчыларынын этика
кодекси” 31.05.2022–жылдын ПЖ №171.
Билгичтиги:
 аракеттердин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды
иштеп чыгуу;
 талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жана түзүмдүк
бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени интеграциялоо;
 тез башкаруу чечимдерин кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн
жоопкерчилик тартуу;
 кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз
убагында аныктоо жана чечүү;
 милдеттерди чечуу учун новатордук ыкмаларды колдонуунун мумкунчулуктөрүн
издөө;
 өз убактысын натыйжалуу пландаштыруу;
 ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.
Көнүмдөрү:
 Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
 Райондук балдар–өспүрүмдөр спорт мектептеринин ишин көзөмөлдөө
(башкармалыктын кызматкерлери ортосунда тапшырмаларды сарамжалдуу
бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын
жана көз караштарын жогорку сапатта түшүндүрүү, оперативдүү даярдоо,
башкаруу чечимдерин кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жацы формаларын
жана методдорун өздөштүрүү);
 маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
 ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
 чыр–чатакты чечүү;
 натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү,
жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана
мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;

2. Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адисине (У-Б)
коюлуучу квалификациялык талаптар
Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адиси
мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик
орундарынын У-Б тобуна кирген мамлеккеттик кызмат орду болуп саналат.
Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальнигине түздөн-түз
баш ийет.
2.1. Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адисине
төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин денгээли:
— жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык
берилет).
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат
стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле кызмат орду боюнча
иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Коррупцияга
каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары
жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Электрондук
башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын иш
кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускамасын, Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген
«Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы» кодексин
милдеттүү түрдө;
Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө”, “Спорттун улуттук
түрлөрү жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-
майындагы “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби,
олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык
олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө” № 264
токтому менен бекитилген типтүү жобосун, жана тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик
укуктук актыларды;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана
расмий тилдерди билүүсү зарыл;
— билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык
документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана
практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
— көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктыларды колдоно билүү.
3. Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетектөөчү
адисине (К-А) коюлуучу квалификациялык талаптар
Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетектөөчү адиси
мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик
орундарынын К-А тобуна кирген мамлекеттик кызмат орду болуп саналат.
Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальнигине түздөн-түз
баш ийет.
4.1. Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетектөөчү адисине
төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин денгээли:
— жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы же ошол багыттагы
педагогикалык билимге артыкчылык берилет).
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажысына талаптар коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле кызмат орду боюнча
иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын,
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы
менен бекитилген «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин
этикасы» кодексин милдеттүү түрдө;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому
менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү
нускамасын, Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө”, “Спорттун
улуттук түрлөрү жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-
жылдын 30-майындагы “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук
мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби,
республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби
жөнүндө” № 264 токтому менен бекитилген типтүү жобосун жана тейлөөсүнө жараша
негизги ченемдик укуктук актыларды;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана
расмий тилдерди билүүсү зарыл;
— билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны
практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— көндүмдөрү:
ченемдик укук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, керектүү программалык
продуктыларды колдоно билүү.