Ош облусу боюнча 303 айыл башчыдан 271 айыл башчы окуудан өткөрүлдү
Кудайберген Базарбаев Өзгөн районунда КР Жогорку Кеңешинин депутаттар тобу менен бирге коомчулук менен жолугушту.
Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев Ош облусунун Өзгөн районунун администрациясынын имаратында КР Жогорку Кеңешинин “Ишеним” фракциясынын Лидери У.З. Ормонов, “Мекенчил” депутаттык топтун Лидери Э.Р. Сатыбалдиев; Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин Төрагасы Д.Э. Толонов жана “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Ч.Т. Толоновдордун жергиликтүү жамааттар менен болгон жолугушууларына катышты. Ошондой эле, иш чарада айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөт башчылары, райондук түзүмдөрдүн жетекчилери, айыл башчылар болду.
Жолугушууда Кудайберген Базарбаев төмөнкүлөргө токтолду: «КР Президентинин тапшырмасынын негизинде Агенттик тарабынан райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдерди, айыл өкмөт башчыларды жана айыл башчыларды окутуулар өткөрүлүп келүүдө. Ош облусу 303 айыл башчыдан 271 айыл башчы окуудан өткөрүлдү (Өзгөн районунда 56 айыл башчыдан, 46 айыл башчы окутулду). Өзүңүздөргө маалым болгондой КР Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын негизинде Республикада ар тармакта алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Анын ичинен токтоло кетсем 2023-жылы Административдик аймактык реформа башталып Республика боюнча 452 айыл аймактан 235 айылдык аймактар түзүлдү же 117 айыл аймак кыскарды. Ош облусу боюнча 88 айыл аймактан 58 айыл аймак, Өзгөн району боюнча 19 айыл аймактан 12 айыл аймакка бириктирилип 7 айыл аймакка кыскартылды. Административдик аймактык реформаны жүргүзүүнүн негизги максаты аймактарды бирдей деңгээлде социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана мамлекеттик бюджетти эффективдүү пайдалануу менен аймактарга өзгөчө көңүл буруу”-деди ал.
Жыйынга катышкан жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү, мамлекеттик жана жергиликтүү маселелерге болгон суроолоруна жеринде жооп ала алышты. Ошондой эле, иш чаранын соңунда райондук алдыңкы активдер тармактык сыйлыктар менен сыйланышты.