Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин
Ош шаардык статистика башкармалыгы
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык, административдик мамлекеттик улук жана кенже
кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топтору үчүн жалпы
квалификациялык талаптар
1. Квалификациялык талаптар
Улук жана кенже кызмат орундары ³ч³н: «экономика» багыты.
«экономика жана менеджмент» жаатындагы жогорку кесиптик билими, экономика,
мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча; «физика-математика илимдери
жана фундаменталдык информатика» фундаменталдык информатика жана маалыматтык технологиялар багыты боюнча.
2. Стаж жана иш тажрыйба:
Улук кызмат орундары үчүн: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1
жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кенже кызмат орундары үчүн: иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
Улук кызмат орундары үчүн:
Билүүгө тийиш:
Негизги тесттен өтүү үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын;
3.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
4.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын.
Предметтик тесттен өтүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын: «Расмий статистика ж¼н³нд¼»; «Мамлекттик жана
муниципалдык кызматтары ж¼н³нд¼» мыйзамдар;
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178
Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жобосу”
Кенже кызмат орундары үчүн:
Билүүгө тийиш:
Негизги тесттен өтүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын.
Предметтик тесттен өтүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын: «Расмий статистика ж¼н³нд¼»; «Мамлекттик жаны
муниципалдык кызматтары ж¼н³нд¼» мыйзамдар;
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178
Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жобосу”
Улук жана кенже кызмат орундары үчүн билгичтиги:
— маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
— кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу;
— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— жаңы эмгек шарттарына көнүү;
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик же/жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө.
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды
колдоно билүү.
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө системаларын колдонуу;
— ар кандай браузерлер менен иштөө;
— кесиптик этиканын стандарттарын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара
аракеттенүүгө;
— оргтехника менен иштөө;
— көчүрүүчү машиналар менен иштөө;
— принтер менен иштөө;
— сканер менен иштөө;
— проектор же интерактивдүү доска менен иштөө;
— факс менен иштөө.
Көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер (атайын папкада тиркелген):
-Өздүк арызы;
-Таржымал (резюме) сүрөтү жана электрондук дареги, телефон номерин көрсөтүү менен;
-Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы (сүрөтү менен);
-Өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-Негизги жана кошумча билими жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген
жеринде күбөлөндүрүлгөн);
-Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн);
-Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин
көчүрмөлөрү;
-Сунуштама кат (мүмкүнчүлүк болсо артыкчылык берилет);
-Паспорттун көчүрмөсү.
Документтер 2024-жылдын 9-апрелинен 25-апрелине чейин кабыл алынат. Иш убактысы саат
8.30дан 17.30га чейин.
Дареги: Ош ш., Курманжан-Датка к. 236, Ош шаардык статистика башкармалыгы, № 401-кабинет.
Байланыш телефондор: 03222 7-12-01, 0772648583, 0550648583
Конкурс www.stat.kg , www.mkk.gov.kg сайттарында жарыяланат.